Президент: Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө үчүн атайын жарлык кабыл алынды

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын татыктуу белгилөө үчүн атайын жарлык кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-сентябрда, Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында "Айтматов ааламы" маданий-мемориалдык комплексинин ачылышында айтты.
Жапаров Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планы бекитилип, уюштуруу комитети ишин баштаганын билдирди.
"Дүйнө жүзү Кыргызстанды эң алды ак калпак кыргыз эли, ак мөңгүлүү Ала-Тоосу менен тааныйт. Ошону менен бирге, көлөмү жана көркөмдүгү теңдешсиз "Манас" дастаны жана залкар жазуучу Айтматов аркылуу билет", - деди президент.
Садыр Жапаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз маданиятынын опера, балет, кино, театр жана сүрөт өнөрү сыяктуу тармактарына чоң таасир тийгизгенин белгиледи.
Ошондой эле ал Айтматовдун мурасы кийинки муунга жеткирилиши керектигин айтты. Президенттин пикиринде, жазуучунун чыгармаларында көтөрүлгөн адамдык абийир, тарыхый эс тутум, эне тил жана мекен алдындагы жоопкерчилик сыяктуу баалуулуктар бүгүн да актуалдуу.
Жапаров "Айтматов ааламы" комплексин да ушул мурасты сактоо жана жайылтуу багытындагы маанилүү долбоор катары атады.
"Айтматов ааламы" комплекси бүгүн, 12-сентябрда, жазуучунун кичи мекени Шекер айылында ачылды. Президенттин айтымында, комплекс мындан ары агартуунун, илимдин, маданияттын жана руханий тарбиянын борборуна айланышы керек.

Сүрөттүн булагы, Official
Президент ошондой эле "Айтматов ааламы" комплексинин курулушу бир нече жыл токтоп турганын, долбоор быйыл ишке ашканын айтты.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анын айтымында, акыркы беш жылда, союз тарагандан кийин талкаланып, бүлүнгөн имараттарды калыбына келтирүү жана көп жылдардан бери токтоп турган курулуштарды бүткөрүү боюнча иштер жүрдү.
Жапаров Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу Кыргызстандын жаңы мууну үчүн багыт берүүчү мааниге ээ экенин белгиледи.
"Кыргыздын демин дүйнөгө жеткирген алп жазуучубуздун жолун улоо биз үчүн чоң сыймык гана эмес, чоң жоопкерчилик", - деди президент.
Президент Садыр Жапаров жазуучу Чыңгыз Айтматов баштап кеткен интеллектуалдык жөрөлгөнү уулоо максатында быйыл "Ысык-Көл форумунун" 40 жылдыгы эл аралык деңгээлед Евразия чөлкөмүнө белгилүү философтордун катышуусунда өткөрүлгөнүн да баса белгилей кетти.
Жапаровдун айтымында, Айтматовдун мурасы келечек муун үчүн маанилүү руханий багыт болуп кала берет.
Президент креативдүү индустрия жана маданий инновациялар өнүгүп жаткан шартта Кыргызстандын тарыхын, адабиятын жана маданий мурастарын пайдалануу менен "Кыргыз ренессансын" кайра жаратуу керектигин айтты.
"Бүгүнкү күндүн Айтматовдору, Айтиевдери, Океевдери, Чокморовдору жана башка залкарлары чыгат деген үмүтүм зор", - деди президент.




























