Британия менен Израилдин мамилеси курчуду

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Пол Адамс
- Role, Би-Би-Синин дипломатия маселелери боюнча кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 4 мүнөт
Британ өкмөтүнүн оккупацияланган Батыш жээкте жөөт конуштары менен соода жүргүзүүгө тыюу салуу чечимине Израилдин ачууланган реакциясы азыркы учур канчалык маанилүү экенине кабар берүүдө.
Израилдин каарына негизинен Улуу Британияга калды, бирок 12 өлкөнүн биргелешип аракет кылуу тууралуу чечими нааразычылыкты күчөттү.
Лондондун расмий өкүлдөрү Израил менен Палестинанын ортосундагы жаңжал боюнча саясаттагы мындай кескин бурулуш катуу нааразычылыкка себеп болорун билип эле келишкен, бирок Израилдин чукул реакциясы жана каары аларды нес абалда калтыргандай болду.
Батыш жээкти тейлеген жана Рамалладагы Палестина администрациясы менен түздөн-түз иштешкен Чыгыш Иерусалимде Улуу Британиянын консулдугун жабууну, ошондой эле Газаны колдоо боюнча Эл аралык борбордон (Газа секторун турукташтыруу жана гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча күч-аракеттерди координациялоо үчүн түзүлгөн орган) британиялыктарды чыгарууну өтө кескин кадамдар деп эсептесе болот.
Мындай кадамдар шейшембиде Улуу Британиянын жана катарына Франция, Испания жана Канада кирген дагы 11 өлкөнүн аракеттерине Израил канчалык тынчсызданып жатканын көрсөтүп турат.
Конуштарда өндүрүлүп жаткан продукция Израилдин экспортунун жалпы көлөмүндө анча чоң деле болбошу мүмкүн, бирок бул конуштардын продукциясын сооданын өзгөчө режими үчүн бөлүп койгонунун саясий символикасы кыйла таасирдүү элес калтырууда.

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Ондогон жылдар бою Британия жана башка өкмөттөр оккупацияланган Палестина аймагындагы конуштарды мыйзамсыз деп эсептеп келишкен, бирок ал жерде өстүрүлгөн же өндүрүлгөн продукцияга тыюу салууга чейинки кадамга барышкан эмес.
Эми Улуу Британия Эл аралык соттун 2024-жылы кабыл алган "жалпысынан оккупация, анын ичинде Израилдин аскерлеринин ал жакта болушу – бул мыйзамсыз" деген чечимине макул экенин билдирүү менен, тышкы иштер министри Эд Милибэнд өкмөттүн экономикалык мамилелеринде бул чагылдырылышы керектигин айтууда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мындан улам продукцияга гана эмес, курулушту, инфраструктураны же конуштарды каржылоону камсыз кылган компаниялардын ишине да тыюу салынды. "Оккупацияга олуттуу өбөлгө түзгөн" курал-жарактарды сатууга чектөөлөрдү камтыган бул чаралар көпчүлүк күткөндөн да көбүрөөк болду.
Кеп көрүлгөн чараларда гана эмес, тышкы иштер министринин чын жүрөктөн айтылган, айрым учурларда жеке мүнөздөгү билдирүүсүнүн мүнөзү да таң калтырат.
"Израиль мамлекетин бекем колдогон намыстуу британ жөөтү" катары Милибэнд бул кызматты ага чейин ээлеген кесиптештерине караганда өтө түз жана кескин сүйлөдү.
Британиянын тышкы иштер министринин "ошол жерлерди байырлаган адамдардын террорчулук аракеттери күч алып, мындан улам Батыш жээктин айрым райондорунда палестиналыктар "этностук тазалоого" туш болуп, ал эми Израилдин өкмөтү муну "көрмөксөнгө салып жатат" деп айтканы чынында эле көңүлдү бурган окуя болду.
Милибанд муну Британиянын саясатынын курсун өзгөртүү деп атады – эми багыт мындан ары түп-тамырынан бери кайра каралып чыгат дегендей элести калтырды. Ошентип, Британия менен Израилдин ортосундагы мамилелер акыркы он жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Ооба, Израилде шайлоонун алдында дайыма чыңалуу байкалат, дүрбөлөңгө бай кырдаал түзүлөт, балким, Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саардын кескин реакциясын бир аз ушуну менен түшүндүрсө болот, бирок израилдиктердин көпчүлүгү анын ачуусун тең бөлүшүп жаткандай.
Көптөгөн израилдиктер айрым көчүп келгендердин агрессивдүү мессиандык идеологиясын өтө көйгөйлүү деп эсептешет. Айрымдар алардын иш-аракеттерин улуттук маскарачылык деп эсептешет.
Бирок бул нерсе 1967-жылдагы Алты күндүк согуш учурунда басып алынган жерлерде курулган конуштар мыйзамсыз экенине алар макул дегенди билдирбейт.
Көпчүлүк мурдагы премьер-министр Эхуд Ольмерттин көз карашына кескин кошулбашы мүмкүн, ал өткөн жылы мураскери Биньямин Нетаньяхуну Израилди эл аралык деңгээлдеги тозгунга айландырды деп айыптаган.
Бирок алар эл аралык коомчулук аларды кескин айыптап жатканын сезишүүдө. Бул "Евровидениедеги" же спорттук иш-чаралардагы нааразычылыктардан баштап, алардын лидерлерин камакка алууга эл аралык ордерлер берилип жатканы менен билинүүдө.Эми болсо, конуштар чыгарган продукцияларга тыюу салынууда. Мунун баары аларды тынчсыздандырууда жана коргонуу позициясын ээлөөгө мажбурлап жатат.
Палестиналыктардын көз карашы боюнча алганда муну жылыш деп эсептесе болот.
Палестинанын Тышкы иштер министрлиги санкцияларды киргизген өлкөлөрдүн аракеттерин жогору баалап, ошол эле маалда "Израилдин конуштарды түзүү боюнча мыйзамсыз иштерин" токтотуу үчүн "чукул, конкреттүү чараларды" көрүүгө чакырды.
Палестинанын Лондондогу элчиси Хусам Зомлот Британ өкмөтүнүн чечимин "Улуу Британия менен Палестинанын ортосундагы мамилелердеги бурулуш учур" деп атады.
Анын айтымында, Улуу Британиянын "батыл кадамдары" 1967-жылкы чек араларда орун алган, борбор калаасы Чыгыш Иерусалим болгон Палестина мамлекетинин көз карандысыздыгына жол ачууга жардам бере алат.
Бирок Зомлот Израилдин 59 жылдык оккупациясынын реалдуулугу бүтө электигин, ал тургай олуттуу түрдө да өзгөрбөгөнүн түшүнүп турат.
Жашоосун улантып кетүүгө жөндөмдүү Палестина мамлекетин түзүү перспективасы мурдагыдай эле үмүтсүз кала берүүдө жана азырынча 12 өлкөнүн макулдашылган иш-аракеттери Израилдин Батыш жээкти басып алуу процессин токтото алат деген ишеним дээрлик жокко эсе.
Бул маселеде Кошмо Штаттары гана таасир этчү күчкө ээ, албетте, эгерде АКШ бул таасирди пайдаланууну чечсе...
1991-жылы президент Жорж Буш жана анын мамлекеттик катчысы Жеймс Бейкер премьер-министр Ицхак Шамирдин өкмөтүнө 10 миллиард долларлык насыялар боюнча кепилдиктер убактылуу берилбей калышы ыктымал деп коркутушкан. Буга ташбоордугу менен белгилүү болгон Шамир "бул каражат оккупацияланган аймактарда конуштарды курууну каржылоого колдонулбайт" деп убада берүүдөн баш тартканы себеп болгон.
Бирок Дональд Трамп Биньямин Нетаньяхунун конуштарды куруу пландарын токтотуу ниетин азырынча ачык билдире элек.
Трамптын "Американы кайрадан улуу кылабыз" (MAGA) кыймылынын айрым өкүлдөрү акыркы жылдары Израилге каршы чыгышууда, бирок АКШнын Израилдеги элчиси Майк Хакаби – ашкере христиан сионисти, ад Израилдин "Кудай Батыш жээкти жөөттөргө убада кылган" деген көз карашын тең бөлүшөт.
Ошентип, Улуу Британиянын жана анын өнөктөштөрүнүн иш-аракеттери Израилге гана эмес, Израилдин Вашингтондогу башкы тарапкерине да каршы жакпашы ыктымал. (ZMa)




























