"75чилердин каты": Ташиев баш болгон сегиз кишини сот төрт жылга эркинен ажыратты

Сот
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

"75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча айыпталып жаткандардын баары төрт жылдан эркинен ажыратылды, бирок эки жыл пробация колдонула турган болду. Мындай чечимди бүгүн, 10-сентябрда Бишкек шаардык соту чыгарды.

Ошондой эле "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" беренси "Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" (195) беренесине алмаштырылды.

"Өкүм боюнча биздин жактоодогу адамдар кеңешип, даттанабыз дешсе, даттанабыз. Жок, ыраазыбыз дешсе, ошол бойдон калат. Булар айыпталган 195-беренеде мүлктү конфискациялоо каралган эмес. Ошондуктан алардын мүлкүн конфискация болбойт",- деди мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун жактоочусу Лапырбек Нуралимов.

"Курсан Асанов өкүм менен макул эмес. Ал катка гана кол койгонун айтып жатат. Биз өкүмгө каршы даттанабыз. Азыр коюлган 195-берене да негизсиз. Анткени бул берене шайлоо жүрүп жаткан учурда гана колдонулушу мүмкүн. Ал учурда шайлоо болгон эмес. "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" беренесин колдонуу үчүн сөзсүз түрдө күч колдонуп басып алуу аракети болушу керек эле. Бул жерде эч кандай күч колдонуу, тополоң болгон эмес. Ошондуктан ал берене туура эмес коюлган болчу. Эми экинчи инстанцияда айла жок ушул беренени коюшту. Ал учурда эч кандай шайлоо болгон эмес. Ошондуктан бул берененин да (195-берене) эч кандай күчү жок деп эсептейбиз",- деди Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова.

Курсан Асанов болсо алардын аракеттеринде кылмыштын курамы жок экенин дагы бир ирет кайталап, кылмыш ишин "ойдон чыгарылган жомок" деп атады.

"Биз сөзсүз түрдө даттанабыз. Мага коюлган берене түшүнүксүз болуп калды",- деди ал.

Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов да соттун өкүмү менен макул эмес экенин билдирди.

"Биз бул чечим менен макул эмеспиз. Бул таптакыр негизсиз жана мыйзамсыз чечим. Cөзсүз түрдө даттанабыз",- деди ал.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сот өкүмдү окуп жаткан учурда журналисттер сот залына киргизилген эмес. Жактоочулар муну да мыйзам бузуу деп баалап, соттун чечими ачык жарыяланышы керектигин айтышты.

Буга чейин комментарий бербей келген Бекболот Талгарбеков журналисттерге кенен маалымат берди.

"Ар бир өкүм чыккан сайын жаза жеңилдеп келе жатат. Башында бизди массалык башаламандык уюштурууга айыпташкан. Аны алып салышты. Андан соң мамлекеттик төңкөрүш жасамак деп айыпташты. Эми аны да алып салышты. Азыр шайлоого тоскоолдук кылдыңар деп айыптап, эки жыл пробация берип жатат. Биз түшүнбөй калдык. Кандайча тоскоолдук кылдык? Бул эмне деген айып? Биз кантип шайлоого тоскоолдук кылдык?"- деди Талгарбеков.

Мамлекеттик айыптоочулар Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын ар бирин тогуз жылдан эркинен ажыратууну сураган. Ошондой эле алардын мүлкүн конфискациялоону өтүнүшкөн.

Бишкек шаардык соту бул иш боюнча апелляциялык арыздарды 10-августта карай баштаган.

Буга чейин, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту сегиз айыпталуучуну "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу берене боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Сот алардын ар бирине мүлкүн конфискациялоо жазасын да белгилеген.

Бирок сот үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонуп, аларды камакка алган эмес. Ошондой эле айыпталуучулар "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталган.

Соттолгон сегиз адам райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Башкы прокуратура да өкүмгө байланыштуу апелляциялык арыз менен кайрылган.

2026-жылдын 9-февралында мурдагы премьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерди камтыган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.

Андан соң кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Ушундан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.

Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган кинелерди четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.