Трамптын америкалыктарга 5 миң доллардан берүү убадасын республикачылар да сындап жатат

Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Дональд Трамп шайлоонун кадимки эрежелерине баш ийбеген саясатчы экени баарына белгилүү. Бирок Трамптын адаттан тыш саясий ыкмаларын эске алганда да, республикачылар орто мөөнөттүү шайлоодо жеңишке жетсе, ар бир америкалыкка 5 миң доллардан берүү тууралуу убадасы көпчүлүктү таң калтырды.

Мындай ири суммадагы акча маселеси Трамптын шаршембиде Республикалык партиянын съездинде сүйлөгөн сөзүнүн негизги темасы эмес болчу. Ал бул тууралуу узакка созулган сөзүнүн биринчи сааты аяктап калганда гана айтты. Дал ошол учурда аудиториянын көңүлү башка жакка бурула баштаган эле.

Трамп 1 триллион доллардан ашкан төлөмдөрдү ким жана кандай жол менен каржылай турганын, акча кимдерге жана кандай тартипте берилерин түшүндүргөн жок.

Кошумча маалымат берүүнү сураганда, Ак үй Трамптын бул сөздөрүн анын "буга чейин "эксперттер" мүмкүн эмес деп эсептеген иштерди да аткара аларын дагы бир ирет көрсөтүп жатканынын далили" деп баалады.

Ак үйдүн билдирүүсүндө президенттин америкалыктардын кызыкчылыгы үчүн жүргүзүп жаткан саясаты натыйжа берип жатканы айтылат. Бирок президенттин администрациясы бул схема иш жүзүндө кандай иштей турганы тууралуу кенен маалымат берген жок.

"Добуш сатып алуунун социалисттик схемасы"

Техас штатынын Даллас шаарында өткөн съездге келгендер Трамптын бул убадасын кубаттап, кол чабышты.

Бирок съездге ноябрдагы шайлоодо атаандаштык күчтүү болгон округдардан ат салышып, шайлоо жыйынтыгын чечиши мүмкүн болгон туруксуз шайлоочулардын добушу үчүн күрөшкөн республикачыл талапкерлердин көбү келген эмес.

Республикачылардын арасында Трамптын бул убадасына таң калгандар көп болду. Айрымдары аны колдосо, президентти сындагандар көп өтпөй нааразычылыгын билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Айрыкча Трамп менен буга чейин кер-мур айтышып келген, мамлекеттик карыздын тынымсыз өсүп жатканына тынчсызданган партиянын консервативдүү өкүлдөрү бул сунушту катуу сынга алышты.

Кентукки штатынан Республикалык партиянын өкүлдөр палатасына шайланган Томас Мэсси (быйыл Трамптын сынынан кийин партия ичиндеги баштапкы шайлоодо жеңилип калган) X социалдык тармагына мындай деп жазды:

"Билбейм, силер кандай ойлойсуңар, бирок ноябрдагы шайлоодо менин добушумду 5 миң долларга сатып алууга болот деген идея мени чындап эле кемсинткендей болду. Анын үстүнө бул инфляциянын күчөшүнө алып келет. Ушунун баарын эске алганда, акыл-эси ордунда болгон адам катары 10 миң доллардан кем албайт элем".

Кайра шайлануу үчүн Мэн штатында курч атаандаштыкка туш болуп жаткан сенатор Сюзан Коллинз Далластагы съездге барган эмес. Ал мындай деди:

"Салык жана чыгымдар боюнча чечимдер Америка элинин муктаждыктарына жана экономиканын абалына негизделиши керек. Аларды шайлоонун жыйынтыгы менен байланыштырууга болбойт".

Демократтар болсо Трамптын сөздөрүн "куру убада" деп атады.

Юристтердин пикиринде, президент мындай көлөмдөгү каражатты өзүнүн жарлыгы менен эле бөлүп бере албайт. Бирок, Трамптын өзү бейшемби күнү Конгресстин макулдугу зарыл эместигин билдирди.

Ал Би-Би-Сиге жана CBS News телеканалына берген маегинде бул чыгымдарды Конгресс сөзсүз түрдө бекитиши керек эмес деген оюн билдирди. Ошол эле учурда: "Эгер бизге керек болсо, алар муну жасайт деп ойлойм",- деди.

Бирок, көптөгөн республикачылар мамлекеттик чыгымдарга карата консервативдүү көз карашта жана мындай чыгымдарга каршы чыгышы мүмкүн.

Республикалык партиянын мурдагы конгрессмени Боб Гуд Трамп сунуштаган бул төлөмдөрдү "добуштарды сатып алуунун социалисттик схемасы" деп атады.

Ошол эле учурда республикачылардын азыркы съезди Трамптын партиядагы таасири дагы эле күчтүү экенин көрсөттү. Буга чейин да президент партиянын, анын ичинде Өкүлдөр палатасынын позициясын өзгөртө алган. Мындай учурларда кабыл алынган чечимдер салттуу консервативдүү көз караштарга дал келбеген учурлар да болгон.

Аткарылган жана аткарылбаган убадалар

Трамп

Сүрөттүн булагы, EPA

Дональд Трамп шайлоочуларга төлөмдөр жөнүндө биринчи жолу айтып жаткан жок. Америкалыктар дагы эле президент убада кылган 2 миң долларлык чектерди күтүп жатышат, алар импорттук тарифтерден түшкөн кирешелердин эсебинен каржыланышы керек болчу.

Мындан тышкары, Илон Маск айткан өкмөттүн натыйжалуулугу боюнча департаменттин (DOGE) ишинин натыйжасында үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен америкалыктарга 5 миң доллардан берүү тууралуу идея да ишке ашкан жок.

Ошол эле учурда Трамп убадаларынын айрымдарын аткарды. Анын президенттик мөөнөтүндө төрөлгөн ар бир бала үчүн 1 миң долларлык атайын эсеп түзүү боюнча демилге ишке ашты. Мындан тышкары, АКШнын бардык аскер кызматкерлери өлкөнүн 250 жылдыгына карата 1776 доллардан алышты.

Трамп ноябрдагы шайлоодо жеңилип калам деп чочулап, ушундай чоң убадаларды берип жатышы мүмкүнбү?

Трамптын өзү бул шайлоодо талапкер болбосо да, шайлоочулар орто мөөнөттүү шайлоону көп учурда Ак үйдүн азыркы башчысына болгон мамилесин билдирген добуш берүү катары кабыл алышат. Мындай шайлоолордо бийликтеги партия адатта жакшы жыйынтык көрсөтө албайт.

Добуш берүүгө эки айга жетпеген убакыт калганда Трамптын ишмердигин колдогондордун саны төмөндөдү.

Анын Иран менен согушу да барган сайын азыраак колдоо табууда. Америкалыктар согуштун кесепеттерин май куюучу жайларда бензиндин кымбатташы аркылуу сезип жатышат.

Шайлоочулар үчүн негизги маселелердин бири - жашоонун кымбатташы. Инфляция Жо Байден президент болуп турган кезде пандемиядан кийин эң жогорку көрсөткүчкө жеткен. Бирок учурда дагы деле жогору бойдон калууда.

Трамптын азыркы убадаларын президент шайлоодон улам дүрбөлөңгө түшүп, жакын санаалаштары менен да талкуулабастан жаңы программаны күтүүсүздөн сунуштай калды деп айтууга болобу?

Трамптын саясий ийгиликтери көп учурда дал ушундай - калыптанган эрежелерди бузган ыкмаларга негизделип келген.

Балким, анын бул жаңы демилгеси да иштеп кетет. Бирок бул үчүн шайлоочулар президент чындап эле аларга чек жазып берүүгө даяр экенине ишениши керек.