Украинадагы согуш: Британия Орусиянын 500 миң аскери каза болгонун билдирди

Орусиянын жоготууларынын көбү 2023-жылдын январынан кийинки мезгилге туура келет
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусиянын жоготууларынын көбү 2023-жылдын январынан кийинки мезгилге туура келет
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Британиянын Куралдуу күчтөрүнүн жетекчиси Ричард Найтон Орусия Украинага басып киргенден бери 500 миң аскерин жоготконун билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын жоготууларынын көбү 2023-жылдын январынан кийинки мезгилге туура келет. Бул убакытта Орусия Украинанын аймагынын болжол менен эки пайызын гана ээлеген.

Найтон Орусиянын жоготууларын "адам өмүрүнүн текке кетиши" деп баалады.

"Менин оюмча, бул сандар ушунчалык аз аймак үчүн адам өмүрлөрүнүн канчалык бекерге кетип жатканын ачык көрсөтүп турат. Мунун баары президент Путиндин мыйзамсыз максаты үчүн жасалууда", - деди Найтон.

Британиянын чалгын кызматы май айында Орусиянын Украинадагы согушта каза болгон аскерлеринин саны 500 миңге жакындаганын билдирген.

Би-би-синин орус кызматы "Медиазона" менен бирге каза болгон орус аскерлерин аты-жөнү менен тастыкталган маалыматтардын негизинде эсептеп келет. Алардын эсебинде азыр 248,8 миң адам бар.

Бул сан каза болгондордун жалпы санын билдирбейт. Эксперттер ачык булактарга негизделген мындай эсеп чыныгы каза болгондордун 45–65 % гана камтышы мүмкүн дешет.

Путин: Украинага европалык аскерлер кирсе, бул Орусия менен согуш болот

Орусиянын президенти Владимир Путин Украинага европалык аскерлерди жөнөтүү Орусия менен согуш башталганын билдирерин айтты.

Путин бул тууралуу Индияда журналисттерге билдирди. Ал Орусия Европа өлкөлөрүнө коркунуч жаратпаганын жана алар менен согушууга негиз жок экенин айтты.

Буга чейин Украина, Британия жана Франция Украинада европалык аскерлерди жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан. Мындай күчтөр согуш токтоп, Киев менен Москва тынчтык келишимине жетишкенден кийин коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жайгаштырылышы мүмкүн экени айтылган.

Путин бул билдирүүсүн Индияда өтүп жаткан БРИКС саммитине катышып жаткан учурда жасады.

Anthropic: Орусиядагы топ жасалма интеллектти камикадзе-дрондор үчүн колдонууга аракет кылган

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жасалма интеллект иштеп чыккан Anthropic компаниясы Орусиядагы бир ууч адам анын Claude модели менен камикадзе-дрондордун автономдуу тобун түзүү программаларын иштеп чыгууга аракет кылганын аныктады.

Компаниянын маалыматына караганда, тогуз адам Claude'да аккаунттарды 2025-жылдын аягында жана 2026-жылдын башында ачкан. Алар программалоону быйыл май айынын ортосунда баштаган.

Anthropic компаниясынын отчетунда бул топ дрондордун бутаны таануу системасын Украинада тартылган чыныгы дрон видеолору менен үйрөткөнү айтылат. Ошондой эле алар Claude'ду бир нече дронду бир убакта башкарган система түзүү үчүн колдонушкан.

Система дрондорго бутаны өз алдынча табууга, ага багыт берүүгө жана чабуул жасоого жардам бермек. Дрондорду башкарган операторлорду аныктоо үчүн да атайын функция иштелип чыккан.

Anthropic бул адамдарды Орусиянын мамлекеттик түзүмдөрү менен байланышта эмес, фрилансерлер тобу болушу мүмкүн деп эсептейт. Компания алардын айрымдары Орусиядагы университеттердин бири менен байланышта болгонун аныктаган. Ал университеттин алдында Орусиянын Илимдер академиясына байланыштуу федералдык илимий-изилдөө борбору бар.

Топ Орусиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду, Улуттук технологиялык демилге жана Коргоо министрлигинен каржылоо алганын билдирген. Бирок Anthropic бул маалыматтарды ырастай алган эмес.

Компаниянын айтымында, топтун аккаунттары кийин бөгөттөлгөн.