Очок көөсүндөгү эне мээрими: Сеулда Пак Со Бонун чыгармачылыгы менен таанышуу

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Блог

Элеонора Куленбекова

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын журналисти, Бишкек

Пак Со Бо — Кореянын заманбап искусствосунун көрүнүктүү өкүлү.

Сүрөттүн булагы, amuraworld.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пак Со Бо — Кореянын заманбап искусствосунун көрүнүктүү өкүлү

Түштүк Кореяга барган биринчи күнүмдө эле корей искусствосу менен жакындан тааныштым.

Сеуалда алгач эле KIAF SEOUL 2026 көргөзмөсүнө бардым.

KIAF - бир эле сүрөтчүгө же бир эле багытка арналган көргөзмө эмес. Бул жерде ар кайсы өлкөлөрдөн келген галереялар, түрдүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери, живопись, скульптура, инсталляциялар - бири-биринен айырмаланган көптөгөн чыгармалар топтолгон.

Айтор, көзүң бир жерге токтобойт. Бир чыгармадан экинчисине өтүп, улам жаңы нерсеге кызыгасың.

Ошол көп эмгектин арасынан Пак Со Бонун картиналарынын алдында тып токтодум.

Ошентип, анын чыгармалары менен биринчи жолу жакындан тааныштым.

Ага чейин Пак Со Бо тууралуу анча көп билчү эмесмин. Көз алдымдагы картиналардын токтоо мүнөзү мени дароо өзүнө тартты. Сызыктар. Кайталанган кыймыл. Кара, кызыл, коңур түстөр.

Картиналар сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен, аларды карап турган сайын башкача сезим пайда болду. Көзүм да, көңүлүм да бир аз тынчып калгандай болду.

Жанымдагы гид сүрөтчү тууралуу айтып бере баштады. Ошондо анын бир сөзү эсимде өзгөчө калды.

Очоктун көөсү

Гиддин айтымында, кара түс Пак Со Бого эски очоктун көөсүн эске салган. Ал эми очоктун көөсү анын апасы менен байланыштуу экен.

Сүрөтчүнүн апасынын эмгеги, үйдөгү жылуулук, эненин мээрими...

Бул сөздөр мага эмнегедир абдан жакын туюлду. Балким, айылда өскөнүмдөн уламдыр. Очок, ага жабышкан көө, үйдөгү жылуулук - булардын баары менин бала чагым менен байланыштуу.

Ошол учурда өзүмдүн айылдагы үйүм, бала кезимдеги очок көз алдыма келгендей болду.

Гиддин ошол сөзү эсимде калды.

Пак Со Бонун "Мёпоп" (Écriture) сериясындагы эмгек. Кайталанган сызыктар жана кара түс сүрөтчүнүн чыгармачылыгындагы маанилүү образдардын бири болуп саналат

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пак Со Бонун "Мёпоп" (Écriture) сериясындагы эмгек. Кайталанган сызыктар жана кара түс сүрөтчүнүн чыгармачылыгындагы маанилүү образдардын бири болуп саналат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бир нече күндөн кийин Сеулдагы Пак Со Бонун жаңы музейине барганда, KIAFтагы биринчи жолугушуум кайра эсиме түштү.

Музей 2026-жылдын 21-августунда сүрөтчүнүн мурдагы устаканасы жайгашкан Ёнхи-дон районунун жанында ачылган. Алгачкы көргөзмө «Пак Со Бо жана Хуонг Додин: Боштук жана толуктук» деп аталат. Анда эки сүрөтчүнүн 42 эмгеги коюлган.

Бул жолу Пак Со Бонун чыгармаларына башкача көз менен карадым.

Пак Со Бо (1931–2023) — корей заманбап искусствосунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Ал дансэкхва деп аталган корейдин монохромдук живопись багытынын негизги өкүлдөрүнүн бири.

Анын белгилүү "Мёпоп" (Ecriture) сериясы 1967-жылы башталган.

Бул эмгектерди жакындан караганда бир өзгөчөлүк дароо көзгө урунат: сызык кайра-кайра кайталанат.

Сүрөтчү бир эле кыймылды улам кайталап, аны чыгармачылыгынын негизги бөлүгүнө айланткан. Пак Со Бо үчүн сүрөт тартуу жөн гана картина жаратуу эмес болчу. Бул процесс ага ички тынчтыкка жетүүгө, ашыкча ойлордон арылууга жардам берген.

Анын чыгармаларында ханчжи - корейдин салттуу кагазы да чоң мааниге ээ.

Пак Со Бо кагазды бетке жайып, ал ным болуп турганда иштеген. Натыйжада кагаздын бетинде майда бүктөмдөр, рельеф жана бири-бирин кайталаган сызыктар пайда болгон.

Ошондуктан анын картиналарын алыстан эле карап коюу жетишсиздей сезилет.

Алыстан сен биринчи кезекте түстү жана жалпы көрүнүштү көрөсүң. Жакындасаң, кагаздын өзүнө көңүл бура баштайсың. Анын бүдүрүн, рельефин, сүрөтчүнүн колунун изин көрөсүң.

Ошондо сызык жөн гана сызык болбой калат. Ал картинанын өзүнүн бир бөлүгүнө айланат.

Музейде Пак Со Бонун чыгармачылыгындагы өзгөрүүнү даана байкоого болот.

Алгач кара түстөгү ханчжи-мёпоп эмгектери көрүнөт. Кийин анын чыгармаларында табияттын түстөрү пайда болот.

Сары, жашыл, жылуу, жумшак өңдөр.

Анан өмүрүнүн акыркы жылдарында сүрөтчү ак түскө келет.

Мага ушул өзгөрүү өзгөчө кызык болду.

Карадан - табияттын түстөрүнө. Табияттын түстөрүнөн - акка

Музейдин үчүнчү кабатында Пак Со Бонун соңку эмгектеринин арасынан үч чоң ак полотно коюлган. Ар биринин көлөмү болжол менен 3,3 метрге 1,92 метр. Булар 2023-жылы тартылган чыгармалар.

Сүрөтчү аларды өзү ачыла турган музейден көрүүнү каалаган экен. Бирок аларга кол коюп үлгүрбөй калган.

Мен ошол картиналардын алдында бир топко чейин турдум.

Пак Со Бонун "Мёбоп" сериясындагы No.230127, No.230128 жана No.230129 чыгармалары

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Пак Со Бонун "Мёбоп" сериясындагы No.230127, No.230128 жана No.230129 чыгармалары

Негедир алар мага тынчтык тартуулагандай болду.

Анан KIAFтагы биринчи күнүм эсиме түштү.

Ошондо гиддин "очоктун көөсү" тууралуу айтканын жөн гана кызыктуу маалымат катары кабыл алгам. Эми болсо ошол сөздүн мааниси мага башкача сезилди.

Пак Со Бонун кара түстөн баштап, түрдүү түстөр аркылуу акырында аппак түскө келген чыгармачылык жолун ойлондум.

Кара түстөн апасынын мээримин көргөн болсо, ак түс ага эмнени билдирген болду экен?

Бул суроого өзүм жооп бере алган жокмун. Балким, анын акыркы ак полотнолору ар кимге ар башка сезим тартуулайт.

Мага музейдин дагы бир өзгөчөлүгү жакты.

Бул жерде анын искусствосун түшүнүү үчүн сөзсүз эле искусство тарыхын жакшы билүүнүн кереги жоктой.

Жөн гана карап турсаң болот. Сызыкты. Кагазды. Түстү.

Картиналарга сырттан түшүп турган жарыкты.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин биринчи караганда байкалбаган нерселерди көрө баштайсың.

Кореядагы сапарым абдан тыгыз өттү. Көргөзмөлөр, жолугушуулар, жаңы адамдар, көп маалымат...

Бирок дал ушул жерде менин шашкым келген жок. Кийинки чыгармага дароо өтпөй, баарын сүрөткө тартып калууга аракет кылбай, жөн гана туруп, карап тургум келди.

Пак Со Бо 2023-жылы дүйнөдөн кайткан. Ал өзүнүн атындагы музейдин ачылганын көрбөй кетти.

Бирок ошол жерде турганда анын чыгармачылыгы дагы деле жанымда тургандай сезилди - кайталанган сызыктарда, ханчжинин бетиндеги издерде, чоң ак полотнолордо.

Анан Сеулга келген биринчи күнүмдө уккан ошол сөз дагы эсиме түштү.

Сүрөтчү айтпаганын көрүүчү сезет

Кээде адамдын эң кымбат эскерүүсү өзгөчө бир нерседен эмес, үйдөгү кадимки көрүнүштөн жаралат экен. Очоктон. Анын көөсүнөн. Эненин колунан калган жылуулуктан.

Пак Со Бонун чыгармачылыгы менен болгон таанышуудан менин эсимде, анын корей искусствосундагы орду гана эмес. Дансэкхва же мёпоп техникасы гана эмес, балким дал ушул сезим калат.

Эң негизгиси - сыртынан абдан токтоо көрүнгөн картинанын артында бүтүндөй бир адамдын тарыхы, анын эскерүүсү жана жакын адамына болгон мээрими турушу мүмкүн экенин түшүндүм.

Кээде сүрөтчү баарын түшүндүрүп отурбайт. Көрүүчүгө даяр жооп бербейт. Өзүнүн оюн сызык, түс, кагаз аркылуу калтырат.

Ал эми көрүүчү ошол дүйнөгө өзүнүн тажрыйбасы, өзүнүн эскерүүсү менен кирет.

Балким, көркөм чыгарманын күчү да ушундадыр.

Пак Со Бо мага бир сызык, бир түс, колунун изи аркылуу өзүнүн дүйнөсүн көрсөттү. Мен болсо ошол дүйнөдөн өзүмдүн бала чагымды, очоктун көөсүн жана эненин мээримин көргөндөй болдум.

Блогдун автору Пак Со Бонун эмгектеринин алдында.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Блогдун автору Пак Со Бонун эмгектеринин алдында