"75чилердин каты": Бишкек шаардык сотунда жарыш сөз уланууда, өкүм чыгышы күтүлүүдө

10-сентябрда Бишкек шаардык сотунда коомчулукта "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү болгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү өтүп жатат.
Жарыш сөз аяктагандан кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилери, андан соң сот өкүм чыгарууга өтөрү күтүлүүдө. Сот отуруму жабык өтүп жатат жана бул кылмыш ишинде сегиз айыпталуучу бар.
Сотко башталганга чейин журналисттерге сүйлөгөн Аалы Карашев жарыш сөз бүгүн аякташы мүмкүн экенин айтып, соттун чечими адилет болот деген үмүтүн билдирди.
"Чечим акыйкат, адилеттүү болот деген чоң ишенич бар. Сот коллегиясы туура чечим кабыл алат деген үмүтүбүз бар", - деди ал.
Курсан Асанов өз аракеттеринде мыйзам бузуу болбогонун айтты.
"Мыйзамдуу чечим кабыл алат деген ишеничтемин. Биздин кыймыл-аракетибизде эч кандай мыйзамсыз иштер болгон эмес", - деди Асанов.
Камчыбек Узакбаев болсо иш боюнча кылмышты далилдеген далилдер жок деп эсептей турганын билдирди.
"Мыйзам чегинде чечим кабыл алат деп күтүп жатабыз. Бир дагы далил жок кылмышка", - деди ал.
Ал эми Курманбек Дыйканбаев сот адилет чечим чыгарат деген ишенимин билдирди.
"75 адамдын ниети түз болгон. Мен, мисалы, Садыр Жапаровду колдоп кол койгом. Кол койгон үчүн мага тогуз жыл бергени адилетсиздик", - деди Дыйканбаев.
Прокуратуранын позициясы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Мамлекеттик айыптоочулар Камчыбек Ташиев баштаган сегиз адамдын ар бирин тогуз жылдан эркинен ажыратууну сураган. Ошондой эле алардын мүлкүн конфискациялоону өтүнүшкөн.
Башкы прокурор Малик Бектурганов Би-Би-Сиге прокуратуранын позициясы өзгөрбөгөнүн билдирди.
"Кылмыш иши ар тараптуу тергелди да, аны бекитип сотко жибердик. Ошонун негизинде сурап жатабыз. Кылмыштын беренелерине жараша сурап жатабыз", - деди Бектурганов.
Анын айтымында, прокуратура сотто мамлекеттик айыптоочу катары өз милдетин аткарууда.
"Биз мамлекеттик айыптоочубуз, жактоочу эмеспиз. Өз жумушубузду аткарышыбыз керек", - деди башкы прокурор.
Иш боюнча сегиз киши айыпталууда.
Алар: мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутаттар Курманбек Дыйканбаев жана Аалы Карашев.
Иштин таржымалы
Бишкек шаардык соту бул иш боюнча апелляциялык арыздарды 10-августта карай баштаган.
Буга чейин, 2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту сегиз айыпталуучуну "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу берене боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан эркинен ажыраткан. Сот алардын ар бирине мүлкүн конфискациялоо жазасын да белгилеген.
Бирок сот үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонуп, аларды камакка алган эмес. Ошондой эле айыпталуучулар "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталган.
Соттолгон сегиз адам райондук соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берген. Башкы прокуратура да өкүмгө байланыштуу апелляциялык арыз менен кайрылган.
2026-жылдын 9-февралында мурдагы премьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерди камтыган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.
Андан соң кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.
Ушундан кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынган.
Айыпталуучулар өздөрүнө коюлган кинелерди четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.





























