Малик Бектурганов "75чилердин" иши тууралуу: 9 жылды кылмыштын беренелерине жараша сурап жатабыз

Сүрөттүн булагы, Official
Жогорку Кеңеш 9-сентябрда Малик Бектургановдун талапкерлигин Башкы прокурорлук кызматка жактырды. Аны 88 депутаттын 87си колдоп добуш беришти. Андан кийин Бектурганов башкы прокурор болуп дайындалды. Ал 30-июндан бери бул кызматта милдетин убактылуу аткаруучу болуп иштеп жаткан. Бектурганов 9-сентябрда парламентте талапкерлиги каралар алдында Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.
Малик Бектурганов: Прокуратура системасында багыттар аябай көп. Биринчи эле багыт – арыз-даттануулар менен иштеш керек болуп жатат. Кечээ деле Жогорку Кеңештен "арыздардын 70% сиздерге жолдонот" деп айтылып кетти. Өзүңүз билесиз, прокуратура тармагы бүт тармакты карайт да. Айыл өкмөтү болобу, мэрия болобу... Эң приоритеттүү багытыбыз азыр арыз-даттанууларды, көйгөйлүү маселелерди чечиш керек болуп жатат. Кагаз түрүндө калбашы керек. Жарандардын арыздары өз убагында чечилип, чечип бербегендерди үстүнөн принципиалдуу чара көрүш керек болууда.
Би-Би-Си: Бир топ журналисттер, жарандык активисттер кармалган. Алардын кармалганынын мыйзамдуулугу талаш-тартыш жаратып келет. Адвокаттар Башкы прокуратурага деле кайрылып жатабыз деп келишет. Алардын ичинен саясий өңүтү бар иштери кайрадан каралышы мүмкүнбү?
Малик Бектурганов: Эми саясий иштер боюнча... бул иштер, калп айтпасам, 2024-жылдан бери эле келе жатат да. Ал боюнча соттун чечимдери чыгыптыр, көбү акталыптыр. Кайра карап коюш керек. Карап көрөлү. Алар кайра каралабы, айталбайм, соттун чечимдер чыгып калды да.
Би-Би-Си: УКМКны мурда Камчыбек Ташиев жетектеп турганда ишкерлер көп басым-кысым болгон, мүлктөрүн тартып алуу, кустуруу болгон деп айтылып жатпайбы. Ошонун негизинде да Башкы прокуратурага бир топ арыздар келип түшкөн. Ошол жөнүндө да айта кетсеңиз?
Малик Бектурганов: 300дөн ашык арыз-даттануу келип түшкөн. Кечээ комитетте менин талапкерлигимди караганда дагы айтып кетпедимби. Алардын ичинен 36дайынын үстүнөн кылмыш иши козголгон. Тиешелүү адамдар Аскер прокуратурасы тарабынан жоопко тартылып жатат, каралып жатат.
Би-Би-Си: Бул кызматта сиздин эң башкы артыкчылыгыңыз эмне болот? Эмнени убада бере аласыз?
Малик Бектурганов: Убада бербей эле коелу. Конституцияда прокуратуранын ыйгарым укуктар белгиленип турбайбы. Өзүбүздүн ыйгарым укуктарыбыз бар да. Ошону эле так, туура аткарыш керек.
Би-Би-Си: Камчыбек Ташиевдин иши боюнча мамлекеттик айыптоочу 9 жыл сурады. Көптөгөн адвокаттар бул иште кылмыштын курамы жок деп жатат. Ушул боюнча сиздин пикириңиз?
Малик Бектурганов: Бул боюнча прокуратура өзүбүздүн позициябызды айттык. Азыр жарыш сөзгө чыгып калдык. Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан да өз позициябызды айтып кеткенбиз. Азыр жарыш сөздө да позициябызды айттык.
Би-Би-Си: Башкы прокуратура 9 жыл сурады. Муну эмне менен негиздеп жатасыздар?
Малик Бектурганов: Кылмыш иши ар тараптуу тергелди да, аны бекитип сотко жибердик. Ошонун негизинде сурап жатабыз да. Кылмыштын беренелерине жараша сурап жатабыз да. Биздин позициябыз бир эле. Райондук прокуратурадан баштап биздин позициябыз бир эле. Биз мамлекекттик айыптоочубуз, жактоочу эмеспиз. Өз жумушубузду аткарышыбыз керек.





























