"Кол койбосоң, өлөсүң". Кыргызстандык жаран эки жылдан бери согуштан кайта албай жатканын айтууда

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 5 мүнөт
Украинада орус армиясынын катарында согушуп жүргөнүн айткан кыргыз жараны Би-Би-Сиге кайрылды. Ал Орусияда иштеп жүрүп, маңзат ташууга шектелип кармалганын, урушка кетүүгө мажбур болгонун, дээрлик эки жылдан бери согуш аймагынан кайта албай жатканын айтууда. Орус өкмөтүнүн өкүлдөрү ыктыярчылар Украинадагы урушка мыйзам чегинде жөнөтүлөрүн билдирип жүрүшөт. Кыргыз бийлиги чет жердеги куралдуу жаңжалдарга катышуу кылмыш экенин эскертип келет.
Би-Би-Синин кабарчысы орус күчтөрүнүн катарында жүргөнүн айткан кыргызстандык менен видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, анын абалын билүүгө аракет кылды. 30 жашка чыга элек бул жаран бизге өздүгүн жана согушта жүргөндүгүн тастыктай турган документ катары Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан берилген мөөнөтсүз күбөлүгүн көрсөттү. Анда ал "Ветерандар жөнүндө" Федералдык мыйзамга ылайык, белгиленген укуктарга жана жеңилдиктерге ээ экени жазылган.
Ошондой эле Би-Би-Си кабарчысы сөз болгон жарандын кыргызстандык шайлоочулардын тизмесинде бар экенин аныктап, анын аскердик техникалардын жанында формачан түшкөн сүрөттөрүн көрө алды. Анын коопсуздугунан улам материалда аты-жөнү айтылган жок.
"Кол койбойм десем, соттолосуң дешти"
Кыргызстандыктын айтымында, ал Москвада он жылдан бери эмгектенип келген. 2024-жылдын май айында орус баш калаасында полиция кызматкерлери аны маңзат ташууга байланыштуу кылмышка шектүү катары кармашкан. Ал өзүнө коюлган айыпты четке каккан.
"Москвада унаа менен курьер болуп иштейт элем. Бирөө багажды, бирөө унаанын ичин текшерип жаткан. Ошол маалда ак порошокко окшогон нерсени бардачокко ыргытып коюшуптур. Ачып туруп эле: "Бул кимдики?" - дешти. "Меники эмес" десем, ошол жерден башка милицияларды чакырып, алты мүнөттө мени алып кетишти. Биринчи күнү эле кыйнашты. Мойнума алган жокмун. Күндө урат, күндө кыйнайт. "Кол коёсуң" дешет. "Согушка барсаң, сага эле ыңгайлуу болот, бир жыл ичинде чыгып кетесиң, бир жыл согушасың, келип, паспорт алып, жүрө бересиң" дешти. "Кол койбойм" десем, "анда сен 228-берене менен соттолосуң" дешти. Адвокат жалдайын десем, телефонумду беришкен жок. Бир айга жакын ушундай кыйноо боло берди. Айла жок кол коюуга туура келди", - деди ал.
Бул билдирүүлөрдү Би-Би-Си өз алдынча ырастай алган жок.
Кыргызстандык алгач Ростов-на-Донуга жеткирилип, кийин Севастополго даярдыктан өтүү үчүн жөнөтүлгөнүн айтып берди. Андан кийин Курск облусунун бир топ жерлерине барып согушканын кошумчалады.
Ал арадан бир жыл өтүп, келишими аяктагандан кийин дагы армиядан кетүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенин айтты. Анын сөзүнө караганда, ага келишимди узартуу же өлүм коркунучу алдында калуу тандоосу коюлган.
"Келишимди дагы узартууга туура келди"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Контракт бүтөйүн деп калганда, кайра келишти. "Сен же кол коёсуң же биз сени өлтүрөбүз" дешти. "Алдыга барасың" дешти. "Алдыга барасың" дегени өлөсүң дегени да. Айла жок дагы кол койдум. Эгерде кың деп бирөөгө айта турган болсоң, алдыда "обнулителдер" же жок кылуучулар күтүп турат дешти. "Ансыз да сен орус эмессиң, өлүп калсаң деле сени эч ким издебейт, сен эч кимге керегиң жоксуң" дешти. Бул жерден азыр кетип калайын десең, дагы болбойт, нак эле өлтүрүп салышат. Менин көз алдымда эле алты адамды өлтүрүп коюшту. Бизге жаңы адамдар келгенде, рациядан катуураак сүйлөп койгондорду келип алып кетишет. Андан кийин алар дайынсыз жоголгондор болуп калышат. Алып барып туруп эле өлтүрүп коюшат".
- Кыргыздар болдубу ошондой?
- Эки кыргыз келген. Алар дары-дармектерди жеткирип турушчу. Ошолор бир кеткен бойдон дайынсыз жок болуп кетти. Жанындагы орус бала келди, тигилер келген жок.
Бул билдирүүнү да Би-Би-Си өз алдынча текшере алган жок.
Буга чейин ондогон кыргызстандыктар согушка кеткен жакындарын издеп, кайрылуу жасап келишкен. Алар тууралуу Би-Би-Синин төмөнкү макалаларынан окуй аласыз:
"Куралды өзүбүз сатып алабыз"
Орус армиясынын катарында согушуп жаткан кыргызстандык фронттогу жоготуулар тууралуу да айтып берди. Анын айтымында, орус аскерлеринин арасында жоготуулар көп.
"Бул согушта жөн эле адам азайтуу болуп жатат. Алдыда өлүктөрдү көрүп жатабыз. Сөөктөрү эле калган өлүктөр бар. Аларды алып чыгышпайт. Тооктор жеп, чочко-камандар талап кетип жатышат. Талаада 20 орус өлүп жатса, бир украиндик болушу мүмкүн. Бир украинге сегизден солдат туура келип жатат".
Бул сандарды Би-Би-Си көз карандысыз булактар аркылуу ырастай алган жок. Бирок айрым көз карандысыз эксперттер орус армиясынын жоготуулары көбөйүп, жаңы аскерлер жетишсиз болуп жатканын айтышууда.
Батыштын бир катар маалымат каражаттарында орус армиясына 300 миңден 500 миңге чейин жаңы жоокер керек болушу мүмкүн экени жана буга байланыштуу мобилизация жарыяланышы ыктымалдыгы жазылып келет. Владимир Путин Бишкектеги соңку сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусияда жаңы мобилизация болбой турганын билдирген.
Би-Би-Сиге маек курган, орус күчтөрүнүн катарында согушуп жүргөнүн айткан кыргыз жараны Орусия өкмөтү тарабынан төлөнгөн акчага аскерлер кээде согуш үчүн керектүү курал-жарактарды сатып алууга аргасыз болорун да билдирди.
"Кечээ жакында эле замбирек (пушка) алдык. Биздики өрттөнүп кеткен. Ордуна 1 миллион 200 миң рублге жаңысын алдык, өзүбүз сатып алдык. Орус өкмөтү өзөк жалгаганга, анан окко эле [каражат] берип жатат. Калганын "кантип жашасаңар, ошентип жашагыла" дейт. Кетебиз десең, өлтүрөбүз деп кыйнайт", - дейт ал.
"Кыргыз балдар, келбей эле койгула"
Анын айтымында, экинчи келишиминин мөөнөтү 2027-жылдын жазында бүтөт. Бирок келишимди дагы узартууга мажбур болуп калуудан кооптонууда.
"Мунусунда билбейм кандай болуп калат. Бир жолу узартылгандан кийин автоматтык түрдө узартуу боло берет экен. Эптеп акча чогултуп, юристтердин жардамы менен соттошуп, бул жактан кетишим керек. "Мен Кыргызстандын жаранымын" десем да, эч кимиси көнбөйт. "Чек арадан кое бербейбиз" дешет".
Украинадагы согуштан чыга албай жатканын айткан кыргызстандык башка мекендештерин Орусиянын армиясына кошулбоого чакырды.
"Кыргыз балдарга айтарым, келбей эле койгула бул жакка. Андан көрө түрмөгө кирип кеткиле, чыдап. Бул жерде оңой эмес. Москвадан деле Кыргызстанга эле кетип калган жакшы. Ошол жактан деле өтөт тиричилик", - деди ал.
Борбор Азиядан миңдеген адам Орусиянын армиясына кошулган
Орусиянын Украинадагы толук масштабдуу согушу 2022-жылдын февраль айында башталган. Андан бери Орусия чет элдик жарандарды согушка жөнөткөнү тууралуу маалыматтар байма-бай айтылып келет.
Украинадагы "Хочу жить" долбоорунун маалыматына ылайык, 2022-жылдан 2026-жылга чейинки аралыкта Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, анын армиясына кошулган чет өлкөлүк жарандардын саны 28 миңден ашат. Алардын дээрлик 13 миңи Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары.
2026-жылдын февралында Кения парламентинде чалгын кызматы Орусия согушка 1000ден ашуун кениялыкты согушка тарткандыгы тууралуу баяндама жасаган. Март айынын башында өлкөдө нааразычылык акциясы өтүп, тургундар бийликтен дайынсыз жоголгон жакындарынын тагдырын тактоону талап кылышкан.
Көп өтпөй, Москвада өткөн тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Кения Орусия эми кениялыктарды согушка тартууну токтотууга макулдугун бергенин билдирген. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул теманын айланасындагы "коомдук резонансты" моюнга алганы менен, бардык чет өлкөлүктөр "атайын аскердик операцияга Орусия мыйзамдарына ылайык, өз каалоосу менен катышып жатканын" айткан.
"Атайын аскердик операцияга катышуу үчүн келишим түзүп барган кениялыктар да, башка өлкөлөрдүн жарандары сыяктуу эле, бул кадамга өз ыктыяры менен барышкан", - деген Сергей Лавров.
Кыргыз өкмөтү эмне дейт?
Украинада согушуп жаткан кыргызстандыктардын саны так белгисиз. "Хочу жить" долбоорунун маалыматына ылайык, кеминде 1474 кыргызстандык Украинада орус күчтөрүнө кошулган болушу мүмкүн.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев быйыл январь айындагы маалымат жыйынында бул маселеге токтолгон болчу.
"Бизде башка өлкөдөгү согушка катышууга тыюу салган мыйзам бар. Ошондуктан, көпчүлүк жарандар согушка катышарын айтышпайт, бирок катышып, ал жакта көз жумгандары бар. Жакындары болсо "миграцияга кеткен, башка кабарым жок" деп, толук маалымат бере алышпайт. Эгерде ал жакта каза болгону аныкталса, министрлик Украинадагы элчилик аркылуу көмөктөшөбүз. Бирок көпчүлүгү кооптонуп, ачык айтышпайт", - деп айткан Кулубаев.
Буга чейин кыргыз бийлиги өз жаранын Орусиянын түрмөсүнөн Украинага согушка айдалып бараткан жеринен мекенине кайтарып алганы маалым. Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева кыргыз жараны эки өлкөнүн мыйзам чегинде өз ара иш алып баруусунун натыйжасында Кыргызстанга алынып келинди деп билдирген.
Чет өлкөдө куралдуу жаңжалдарда же согуштук аракеттерде жалданып же өз ыктыяры менен согушка катышуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык оор кылмыш болуп саналат. Бул үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып, мыйзамсыз аракеттер үчүн 5 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралат.
Буга чейин Кыргызстандын атайын кызматы Украинадагы согушка катышкан деген негизде эки кыргыз жаранын сот жообуна тарткан. Алардын бири соттон үч жылдык пробация менен бошотулуп, кийин ал Казакстан аркылуу Орусияга кетип калгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал ага чейин орус жарандыгын алуу боюнча өтүнүч келтирген.

































