Топоева: Президенттикке талапкерлердин жоопторун бурмалоо мүмкүн эмес

Батма Топоева – Ставинская
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Батма Топоева – Ставинская
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Өткөн аптада президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип, "Кыргызтестке" кыргыз тилинен тест тапшырган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев менен мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев сынактан кулап калышкан. Жапыкеев күн мурун кайрадан тапшырганын кабарлады. Суваналиев кайра тапшырары айтылган. Бул апта саясатчы Исхак Масалиев тапшырып, жыйынтыгын күтүп жатат. Айрымдары "Кыргызстесттин" ишинин ачык-айкындуулугунан күмөн санашса, башкалары тил сынагы чынында оор болгондугун айтышууда. Би-Би-Си бул суроолордун айланасында мамлекеттик "Кыргызтест" мекемесинин жетекчиси Батма Топоева – Ставинская менен маектешти.

Би-Би-Си: Саламатсызбы, бүгүн кыргыз тилинен тест тапшыруучулар көп окшойт. Дайыма эле ушундайбы? Күндө канча киши тапшырат?

Батма Топоева: Учурда 211-токтомдун ("Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын, муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин белгилөө жөнүндө") алкагында күнүнө кыргыз тилинен тест тапшыруу үчүн 300-400гө жакын жаран келип жатат. Бүгүн болсо, Улуттук гвардиянын жана "Кумтөр Голд Компанинин" кызматкерлери тапшырып жатыптыр. Ошондой эле бир эле учурда эки көчмө топтордо да тесттер жүрүп жатат. Атап айтсак, Нарын облусунда жана Ош шаарында. Аларды кошкондо, алпы жолунан бир күндө 600дөн 700гө чейин адам тест тапшырып жатат.

Би-Би-Си: Президенттикке талапкерлигимди коём деген адамдардын "Кыргызтесттен" өтпөй калгандарын көрүп жатабыз. Алардын бири филологдорго бериле турган оор суроолор берилди деп да айтышты. Айтсаңыз, тестте кандай тариздеги суроолор берилет? Филолог эмес, жөнөкөй жарандар жооп бере алабы? Же президенттикке талапкерлер үчүн оорураак тапшырмалар болобу?

Батма Топоева: "Кыргызтесттин" талаптары боюнча баарына бирдей стандарттуу мамиле, стандарттуу тапшырмалар, стандарттуу баалоо жана стандарттуу жыйынтык чыгаруу жана ал жыйынтыкты интерпретациялоо каралган. Демек мындай таризде иш алып барган мекеменин эч бир адамга өзгөчө мамилеси болбойт. Тест-тапшырмалар бир гана деңгээлдер менен айырмаланат. Эгерде A1 деңгээлине келсе, жеңил болот, ал эми эң эле татаал деңгээли С1. Анткени С1 деңгэли филологдордун жана ЖМК өкүлдөрүнүн деңгээли.

Би-Би-Си: Бирок президенттер B2 тапшырат да?

Батма Топоева: Ооба, B2 деңгээли бара-бара жогорку окуу жайды бүтүрүүчүлөрдүн деңгээлине айланат. Бул талап 2017-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программада көрсөтүлгөн. 2017-жылдан баштап, мектеп бүтүрүүчүсү B1 деңгээлинде аяктасын, ал эми жогорку окуу жайды аяктаганда B2 деңгээли болсун деп жазылган. Бирок тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул ишке ашырылбай келатат. Анткени, кандайдыр бир себептерге байланыштуу мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн баары эле B1 деңгээлин көрсөткөн жок. Ал тургай А2ни толук көрсөткөндөр аз.

Би-Би-Си: Буга чейин айтып өтпөдүнүзбү, "Кыргызтест" бардык жарандарга бирдей шарт түзөт, кош стандарттуулукка жол берилбейт деп. Ошол эле мезгилде президенттикке талапкерлер жөнөкөй жарандар тапшырып жаткан жерде эмес, Илимдер Академиясында, өзүнчө бөлмөдө жалгыз отуруп тесттен өтүшөт экен. Анан ошол жөнөкөй жарандар менен президенттикке талапкердердин тапшырган тестинин мазмуну бирдей жана алардын жыйынтыгы бирдей шартта каралат дегенге кепилдик болобу?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын WhatsApp каналына кошулунуз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Батма Топоева: Мен ошол системаны түптөгөн адам катары жана ошол мекемени жетектеген адам катары толугу менен буга кепилдик берем. Ал эми сиз айтып жатпайсызбы, өтүү шарты бирдей болбой жатат деп. Эми аны да башкача карайлычы, күндө 700 адам келсе, бирден киргизсек, анда не болот? Ал болбой калат. Ошол эле учурда президенттикке талапкерлерди, алардын арасына отургузуп койсок, анда кандай болуп калат? Эми анча-мынча ушундай этиканы да сактап, анын баарын тең караш керек болуп жатат. Президенттикке талапкерлер күндө эле тест тапшырып жаткан жок да. Алар беш жылдын ичинде бир келет экен. Аны керек болсо, башкача шарт түзүп алсак болот эле, өзүбүздүн орун-жайыбыз төп келбей жатканына байланыштуу, азыр Улуттук илимдер академиясынын бешинчи кабатында уюштуруп жатабыз. Эми бул убактылуу эле, бара-бара өзүбуздүн орун жайыбыз болгондо, албетте бардык адамдарга шарт түзүлөт.

Би-Би-Си: Ошол эле талапкерлерди атайын тесттен өткөрбөй коюшту деген дагы сөздөр чыкпай койгон жок. Алардын жоопторун чыгарууда бурмалоолор болушу мүмкүн дегендер бар. Бул боюнча эмне дей аласыз?

Батма Топоева: Жок, мен толук кепилдик берем, "Кыргызтест" системасында бурмалоо мүмкүн эмес. Эмнеге? Анткени, биздин системабызда өзүңүздөр деле көрсөңүздөр болот. Тест тапшыруучулар микрофонго сүйлөп жатышат, ал жазылып алынган үн дароо эле базага кетип жатат. Дароо эле, эч жакка токтоп же башка аракет болбой эле дароо системага жүктөлүп, түз эле базага түшөт. Жазуу жүзүндө берген жооптору деле дароо эле биздин базага түшөт. Анан тест тапшыруучулардын экранын карап көрсөңөр, ал жерде эч биринде жеке номур же аты-жөнү жазылган эмес, дареги жок. Айтор, баары тең анонимдүү. Демек, биздин эксперттерге дагы тексттин өзү кетет, ал кимдин жообу, кайсы пункттан, качан, Нарынданбы, Оштонбу, Бишкектенби, эч бир дарек жок. Демек эч бир адам, бирөөгө бир нерсе кыла албайт, мүмкүн эмес.

Биз – "Кыргызстест" системасы бара-бара эл аралык стандарттарга жооп бере турган мекеме катары күбөлүк алалы деп жатабыз, ошого умтулуудабыз. Демек, биздин ар бир кадамыбыз, ар бир иштеп чыккан тестибиздин баары тең дүйнөлүк стандарттарга жооп берет.

Би-Би-Си: Тесттин жыйынтыгы менен тапшырылчу сертификаттын мөөнөтү боюнча да суроолор жаралууда. Башка эл аралык тесттер тапшырган сертификаттардын белгилүү бир мөөнөтү бар, мисалы бир жыл болушу мүмкүн. "Кыргызтесттики" мөөнөтсүз экен.

Батма Топоева: Эми муну дагы жөнгө салуучу эң чоң ишибиз алдыда турат. Буга чейин бир жолу биз демилге көтөрүп бердик эле. Анан кандайдыр бир себептерден улам, ал иш аягына чыкпай калды. Анда беш жылдык деп көрсөткөн болчубуз. Билим берүү жаатында эки гана документ мөөнөтсүз болушу ыктымал. Ал мектепти бүтүргөндөгү документи – бул күбөлүк же аттестат, экинчиси, ЖОЖду бүтүргөндөгү диплом, болду, андан башкасынын баарынын тең мөөнөтү болуш керек. Биздин коомчулукта ушул тест системасы кирип жатканда, "эмне үчүн биз беш жыл сайын тест бере бермек элек?" деген сыяктуу чоң бөгөттөр болгондуктан, деги ушул тестибиздин жолун ачалычы, мөөнөтсүз болсо дагы деп, сертификаттын мөөнөтсүз болушуна да шарт түзгөнбүз. Эми бардык нерсенин өзүнүн учуру бар, азыр баарын тең жөнгө салуучу убакыт келди.