Тибетте жер титиреп, 16 адам каза болду: жүздөгөн турак үй кыйрады

Сүрөттүн булагы, Getty Images/CCTV+/VCG
Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Тибеттин тоолуу аймагында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, анын кесепетинен кеминде 16 адам каза болду.
"Синьхуа" маалымат агенттиги жергиликтүү өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына таянып билдиргендей, жер титирөөнүн очогу бейшембиге караган түнү Нагчу округуна караштуу Бачен уездинде катталган. Бул аймак Тибеттин административдик борбору Лхаса шаарынан түндүк-чыгышты көздөй 400 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жергиликтүү бийлик өзгөчө кырдаал режимин жарыялап, жабыркаган аймакка куткаруу топторун жөнөттү. Ошондой эле 32 адам жаракат алганы кабарланууда.
Жергиликтүү булактардын маалыматына ылайык, кырсык болгон аймакта 339 турак үй кыйраган. Ал эми аймактын басымдуу бөлүгүндө электр энергиясы дээрлик толугу менен өчкөн.
Таштардын кулашынан улам жолдор жабылып, куткаруу кызматтарынын жабыркаган аймактарга жетүүсү кыйындады.
Жер титирөөнүн күчү Тибеттеги Чамдо жана Ньингчи шаарларында да сезилген.
Мындан эки айга жетпеген убакыт мурун Тибет менен Непал ири суу ташкынынан жана жер көчкүдөн олуттуу жабыркаган. Кырсыктын кесепетинен кеминде 1400 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар дагы деле дайынсыз болууда.
























