"Санариптештирүү боюнча нөл экенсиңер": Садыр Жапаров агартуу министрлигин сынга алды

Сүрөттүн булагы, Official
Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушууда Агартуу министрлигинин ишин сынга алып, бул тармакта санариптештирүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи.
"Билим берүү министрлиги, силер санариптештирүү боюнча нөл экенсиңер. Илгерки кагаз менен иштөө ыкмасынан чыга элек экенсиңер. Кайсы мектепте, кайсы райондо канча китеп бар экенин билбейсиңер. Учурда министр иш сапарда жүрөт. Катуу сөгүш берейин дедим эле. Эгерде силерде санариптик система, компьютер болгондо, бул аял мындай кыла албайт эле",- деди Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров санариптештирүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүп жатып, социалдык фонддогу өзгөрүүлөрдү да мисал келтирди. Анын айтымында, буга чейин каза болгон пенсионерлерге пенсия чегерип, кызматкер акчаны өзүнө ыйгарып жүргөн учурлар болгон.
"Ал адамдын өлгөнүнө үч-төрт жыл болуп кетсе да, пенсия чегерип, акчасын чөнтөгүнө салып жүрө берген. Социалдык фонд санариптештирилгенден кийин антип уурдай албай калды. Билим берүү министрлиги, силер толук санариптештирүүгө өтүшүңөр керек. Айрыкча китептер боюнча. Нарынга 15 миң китеп берип жиберипсиңер. 5 миңин таратыпсыңар, 10 миңи кампада жатат. Аны Билим берүү министрлиги билбейт. Тез арада санариптештирүүгө киргиле",- деди президент.
Ага чейин Базар-Коргон районундагы №31 мектептин мурдагы директорумун деген Зарема Айтмаматова атуу аял президентке кайрылып, ак жерден соттолуп жатканын айткан.
"Мага 2 жыл 6 айга, кичүү балам 14 жашка чыккандан кийин жазамды түрмөдө өтөө чечими чыккан. Техникалык аз маяналуу кызматкерлердин 256 миң сомдон ашуун акчасын мойнума илип, эки жылга жетекчилик кызматта иштей албайсын деп четтетти. 2025-жылы 12-декабрда иштен алышкан. Үй-бүлөнү баккан жалгыз өзүм болгом. Мен кылмыш кылган жокмун. Прокуратура бүтүндөй кадр маселесин өзү чечип калган. Мен сынактан өтүп келгем",- деген аял.
Прокуратуранын маалыматына караганда, аялдын үстүнөн райондук прокуратура тарабынан "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иш сотко жетип, сотто кылмыш далилденген. Прокуратуранын маалыматына ылайык, аял каза болуп калган жарандарды жумушка алынды деп каттап, табель толтуруп турган.
























