"Атамдын башына пакет кийгизип, кабыргасын сындырып өлтүрүштү". УКМКдагы кыйноого даттанган жаран

Сүрөттүн булагы, social
Президент Чаткал районунун тургундары менен жолугушуу учурунда Жаңы-Базар айылынын жашоочусу Уулбүбү Касмалиева атасын УКМКнын кызматкери кыйнап өлтүргөнүнө даттанды. Анын билдиришинче, күч түзүм кызматкери атасынын башына кара пакет кийгизип, уруп сабаган. Кийин ооруканада анын кабыргасы сынганы, сынык өпкөгө сайылып, өлүмгө себеп болгону айтылган.
"Бул окуя 2025-жылы болгон. Ошондон бери сизге арызыбыз жетпей келет. Атамдын аты Касмаалы Оморов. Айылдык кенештин депутаты болуп иштеген. Ошол кезде сиз элдин элүү пайызы макул болсо айыл өкмөттөр бириксин деген жарлык чыгаргансыз. Бирок эч кандай түшүндүрүү иштери болгон эмес. Атам айылдык кеңештин төрагасы болгонуна байланыштуу мөөрдү алабыз дешкен. Атам биринчи эл макул болсун деп мөөрдү бербей койгон. Ошондо аны Ала-Букага алып барышып, тергөө учурунда уруп-сабашкан. Жаңы-Базардагы ооруканага алып келишкенде кан басымы көтөрүлүп жатып калган. Анан бул жактан УКМК кызматкерлери барып, атама 50 миң сом акча сунушташкан. "Мектепке директор кылабыз, ооруканадан чык" дешкен. Ал убакта атамдын абалы начар болгондуктан, дарылангандан кийин силер менен сүйлөшөм дегенине макул болушкан эмес. Кийинки күнү УКМКнын кызматкерлери "ооруканадан чыгарып салгыла" деп дарыгерге чалышкан. Кийин Ошко алып барып ооруканага жаткырсак, кабыргасы сынган экен, сынык өпкөнү тешип өлүп калды. Ошондон бери бардык жакка кайрылдык, бирок сизге үнүбүз жеткен жок. Ташиев келгенде акемди ага киргизбей коюшкан", - деди ал.
Президент Садыр Жапаров бул ишти Башкы прокуратурага тапшырды.
Кыргызстанда укук коргоочулар кыйноо фактыларынын дээрлик көпчүлүгү сотко жетпей каларын айтып келишет. 2025-жылы Башкы прокуратура 188 кыйноо фактысын каттаган болсо, алар боюнча 15 кылмыш иши козголуп, бешөө гана сотко жеткен.


























