"Биз шайлоодо утулдук". Вучич Сербиядагы шайлоодо студенттик кыймылга жеңилгенин моюнга алды

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Сербиянын бийликтеги Прогрессивдүү партиясынын төрагасы Александр Вучич парламенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алып, "Студенттердин тизмеси" өкмөт түзүүгө жетиштүү көпчүлүккө ээ болорун билдирди. Ал мындай билдирүүнү добуштарды саноонун жыйынтыктары жарыялана электе жасады.
Вучичтин айтымында, "Студенттердин тизмеси" парламенттеги 135тен 140ка чейин орун алат.
"Маалыматтарга ылайык, биз бул шайлоодо утулганыбыз толук айкын болгонун билдиргим келет. Нааразылык кыймылынын катышуучулары түзгөн "Студенттердин тизмеси" жеңишке жетти. Алар парламенттен 135тен 140ка чейин орун алат, ал эми биз 105ке жакын орун алабыз", - деп билдирди бийликтеги Сербиянын Прогрессивдүү партиясынын төрагасы Александр Вучич тарапташтарына.
Анын айтымында, СПП 1 миллион 720 миң добуш алган. Бирок бул жеңишке жетүү үчүн аздык кылган.
Вучич ошондой эле парламентке башка партиялардын эч бири өтпөгөнүн, балким, венгрлер үч орун, албандар бир орун жана Демократиялык аракет партиясы орун алышы мүмкүн экенин айтты.
Жеңилгенин мынчалык эрте моюнга алышына шайлоочулардын болуп көрбөгөндөй жогорку активдүүлүгү - дээрлик 68 пайыз добуш бергени негиз болгон.
Күтүлгөндөй эле, шайлоодогу негизги күрөш Александр Вучич жетектеген бийликтеги Сербиянын Прогрессивдүү партиясы менен жаңы студенттик кыймыл сунуштаган "Студенттер жеңет" тизмесинин ортосунда жүрдү.
Шайлоого чейинки сурамжылоолор тараптардын эч бирине айкын артыкчылык берген эмес. Экөөнө тең добуштардын болжол менен 40 пайызы тийиши мүмкүн деп болжолдонгон. Бирок байкоочулардын көпчүлүгү шайлоочулардын катышуусу 65 пайыздан ашса, бул студенттик кыймылдын пайдасына чечилиши мүмкүн деп эсептешкен.
Эксперттер "Студенттер жеңет" кыймылын 2012-жылдан бери Сербиянын азыркы бийлиги туш болгон алгачкы олуттуу атаандаш деп атап келишкен.

Сүрөттүн булагы, EPA/Shutterstock
Узун кезектер жана чыңалган кырдаал
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул шайлоодо 6,45 миллион адам добуш берүү укугуна ээ болгон. Таң эртеден тартып Сербиянын өзүндө гана эмес, Словениянын борбору Люблянада, Мюнхенде, Лос-Анжелесте жана Чикагодо да шайлоо тилкелеринин алдында узун кезектер пайда болду. Парижде сербиялык шайлоочулар нөшөрлөп жааган жамгырдын алдында кезек күтүштү.
Ошол эле учурда Сербияда күн бою кырдаал чыңалган бойдон калды. Белградда полиция Республикалык шайлоо комиссиясынын имаратынын айланасындагы көчөлөрдү жапты.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо быйыл 9-сентябрда, саясий кризистин шартында, Вучич Сербия өкмөтүнүн сунушу менен парламентти таркаткандан кийин дайындалган. Ал эми сентябрдын аягында Вучич өз партиясы жеңишке жеткен учурда өкмөттү жетектөө үчүн президенттик кызматтан кеткен.
Көптөгөн эксперттер бул кадамды бийликти колдон чыгарбоого жасалган ачык аракет катары баалашты. Вучичтин президенттик экинчи мөөнөтү кийинки жылдын май айында аяктамак. Ал эми мыйзам боюнча үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин коё албайт.
Эки жылга созулган нааразылык акциялары
Сербия дээрлик эки жылдан бери курч саясий жана коомдук карама-каршылыктын күчөшүн башынан өткөрүп жатат. Бул жараян 2024-жылдын 1-ноябрында Нови-Сад шаарындагы темир жол бекетинде болгон каргашадан кийин башталган.
Ошол күнү курулуштун бастырмасы урап, 16 адам каза болгондон кийин өлкө боюнча нааразылык акциялары башталган.
Александр Вучичтин сынчылары трагедияга анын өкмөтүндөгү коррупция жана шалаакылык себеп болгонун айтышкан.
2024-жылдын декабрынан бери өлкөдө массалык нааразылык акциялары уланып келет.

Сүрөттүн булагы, Anadolu via Getty Images
Нааразылык акцияларын координациялаган студенттик комитеттер Вучичтин бийлигинин легитимдүүлүгүнө шек келтирип, анын кызматтан кетишин жана Сербиянын Прогрессивдүү партиясын бийликтен четтетүүнү талап кылышкан.
Ал эми Вучичтин тарапташтары студенттерди чет өлкөлүк гранттардын эсебинен "түстүү революция" даярдап жатат деп айыпташат. Вучич оппозиция жеңишке жетсе, жаңы бийлик дароо Орусияга каршы санкцияларды киргизет деп ырастайт.
Бирок студенттик кыймылдын шайлоо алдындагы программасында бул тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Кыймылдын лидерлери анын курамында либералдык да, улутчул да көз караштарды карманган адамдар бар экенин белгилешет.
Сербиянын Европа Биримдигине киришин колдогон, бирок Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизүүдөн баш тарткан Вучич пенсияларды жана мамлекеттик сектордун кызматкерлеринин айлык акыларын көтөрүүгө, ошондой эле мамлекеттик саламаттык сактоо тармагына инвестицияларды көбөйтүүгө убада берген.
Оппозиция муну популизм деп атап, Вучичтин бийлиги тушунда өлкөдө коррупциянын деңгээли ушунчалык жогорулагандыктан, реформаларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк калбай калганын эсептейт.





























