BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Башкы кабарлар

Күндүн видеосу

  • Парламент
  • president
  • маданият
  • president
  • бороон
  • flower
  • ысык-көл
  • president
  • кит
  • экономика
  • кофе
  • Рио-де-Жанейро: дөңсөөдө камалып калган 200 турист
  • Төрт саат бою даракта отурган аюу куткарылды
  • ship

Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз

Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз

Редактордун тандоосу

  • Башкы план

    "15 мүнөттүк шаар" Министрлер Кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планын бекитти

    Министрлер Кабинети Бишкектин 25 жылдык дымактуу планын карап, талкуулаган соң бекитти. Бул тууралуу маалымат Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

  • Пшмг

    АКШ: Трамп катышкан жыйында ок атылды, шектүү кармалды

    АКШ президентинин катышуусунда өткөн Ак үйдүн алдындагы кабарчылар ассоциациясынын сый-тамагы учурунда ок атышуу болду. Мамлекеттин биринчи адамдары эвакуацияланып, иш-чара бир айга жылдырылды. Кылмышка шектүү кармалды, анын максаттары азырынча белгисиз.

  • ва

    Беш бала ата-энесиз калды. Баткендеги жубайлардын өлүмүнүн чоо-жайы иликтенүүдө

    Баткен районунун Чоң-Кара айылында жубайлар көз жумду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, аял учтуу нерседен алган жарааттан улам каза болгон. Ал эми жолдошу бакта асынган абалда табылган. Баткен облустук милициясы окуя бүгүн, 26-апрель күнү таңга жуук катталганын кабарлады.

  • көл

    Ысык-Көл жээгине заманбап талаптарга жооп берген үч мейманкана курулат

    Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап талаптарга жооп берген беш жылдыздуу үч мейманкана курулат. Бул тууралуу журналисттерге Кыргызстандын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди.

  • Чернобыль АЭСи аварияга чейин ушундай болчу. "Припять" альбомунан алынган сүрөт, 1986-жыл

    Чернобылдагы кырсык: СССРдин КГБсы диверсанттарды кантип издеген?

    Мындан туура 40 жыл мурда, 1986-жылы 26-апрелге караган түнү Чернобыль атомдук электр станциясынын төртүнчү энергоблогу жарылган. Бул күнү атомдук энергетиканын тарыхындагы эң чоң апаат болгон. КГБнын архивдик документтеринин негизинде СССРдин мамлекеттик коопсуздук кызматтары кырсыктын күнөөкөрлөрүн америкалык тыңчылардын жана чет өлкөлөрдөгү украин улутчулдарынын арасынан кантип издегенин эстейли.

  • Чернобыль

    "Кулагымды да, көзүмдү да алды". Чернобыль апаатына 40 жыл

    Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка быйыл туура 40 жыл болду. Убагында апааттын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргызстандан үч миңден ашуун адам жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө алардын тогуз жүздөйү гана калган.

  • 
collage

    "Русофобия жана антисоветизм гүлдөп жатат". Мамдумада кыргыз-орус алакасы тууралуу талкуу жараткан келишим

    21-апрелде Орусиянын Мамлекеттик Думасында Кыргызстандагы Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жаңы кампусун куруу тууралуу эки өлкөнүн өкмөттөр аралык келишимин талкуулоо учурунда депутат Михаил Матвеев Кыргызстандагы орусча аталыштагы конуштардын, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүлүп жаткандыгын айтып, мындай келишимдерди түзүүдө кыргыз тараптын Орусияга лоялдуулугун кепилдей турган шарттарды бекитүү мүмкүнбү деп сурады.

  • Доллар

    АКШ менен Иран согушу долларга кандай таасир тийгизет?

    АКШнын Иранга кол салуусунан кийин доллар дүйнөлүк резерв жана эсеп-кысап валютасы катары өз ордун сактап кала алабы деген талкуу кайра жанданды. Иран Ормуз кысыгын жаап, танкерлерден кытай юаны жана стабилкоиндер менен салык чогулта баштады. Бул жагдай дүйнөнүн алдыңкы валютасы үчүн канчалык коркунучтуу жана Иран согушунун натыйжасында юань доллардын ордун баса алабы?

  • Young women walking down a busy shopping street in Tehran

    Тегеранда акча тартыш, күнүмдүк жашоо согушка кайтуу коркунучу менен уланууда

    Тегарандагы жаркыраган жаз күнү, бул - азык-түлүк жана үй-тиричилик товарларын саткан дүкөндөр менен катар эле тез тамактануучу жана гүл саткан жайлар аралаш жайгашкан Санаеи Газнави көчөсү кадимки эле жердей көрүнөт.

  • Садыр Жапаров менен Владимир Путин. 23-апрель, 2026-жыл

    Садыр Жапаров менен Владимир Путин Москвада эмнени талкуулады?

    Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-апрелде Москвада Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолукту. Кездешүү өтөрү тууралуу алгач болуп кабарлаган орусиялык журналисттер муну жабык жолугушуу деп сыпатташты. Ошондой эле аны Евробиримдиктин Кыргызстанга байланышкан санкцияларды киргизген учурга туш келгенине көңүл бурушту.

  • Евробиримдик-Кыргызстан желектери

    Евробиримдиктин жаңы санкциясы: Айрым жабдыктарды Кыргызстанга экспорттоого тыюу салынды

    Европа Биримдиги (ЕБ) санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Евробиримдиктин кеңеши Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу мындай санкциялардын 20-пакетин 23-апрелде жактырды. Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн белгилеп, Батыш мамлекеттерин кош стандарттуулукка айыптап келет.

  • df

    Meta жасалма интеллектке кеткен чыгымдардын ордун толтуруу үчүн 8 миң кызматкерин кыскартууда

    Facebook, Instagram соцтармактарына жана WhatsApp мессенжерине ээлик кылган Американын Meta технологиялык компаниясы 8 миңге жакын адамын же кызматкерлеринин 10 пайызын жумуштан бошотуу ниетин жарыялады. Бул чечим фирманын жасалма интеллект технологияларына жумшаган ири инвестициялары менен байланыштуу.

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Көп окулгандар