Кыргыз өкмөтү ата мекендик компанияларды санкциялык тизмеден чыгаруу жолдорун талкуулады

hg

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Окуу убактысы: 2 мүнөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эл аралык санкциялар маселеси боюнча атайын жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда кыргызстандык компанияларды Батыштын "кара тизмесинен" чыгаруу жана экономикалык тобокелдиктерди азайтуу чаралары каралды.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү учурдагы санкциялык кырдаал жана анын өлкө экономикасына тийгизген таасири тууралуу маалымат беришти.

"Кыргызстандын санкциялык маселелер боюнча батыштык өнөктөштөр менен тынымсыз диалогуна өзгөчө көңүл бурулду. Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга терс кесепеттерди азайтууга жана кыргыз компанияларын батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмелеринен чыгаруу боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууга багытталган тиешелүү тапшырмалар берилди", — деп айтылат расмий маалыматта.

Акыркы убактарда АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга киргизилген санкцияларды айланып өтүүгө көмөктөшөт деген шек менен Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы бир катар жеке компанияларга чектөөлөрдү киргизген.

Алсак, өткөн жумада Европа Биримдиги (ЕБ) санкцияларды айланып өтүүгө каршы механизмин биринчи жолу ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Ошондой эле уюм Кыргызстандагы эки банкты, криптовалюталардын соодасына тиешеси бар ишкананы санкциялык тизмесине кошту. Евробиримдиктин кеңеши Орусиянын Украинадагы согушуна байланыштуу мындай санкциялардын 20-пакетин 23-апрелде жактырды. Кыргыз өкмөтү Орусияга санкцияларды буйтап өтүүгө көмөктөшпөгөнүн белгилеп, Батыш мамлекеттерин кош стандарттуулукка айыптап келет.

Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жактырган санкциялардын 20-пакети баш-аягы Орусиядагы жана башка бир катар өлкөлөрдөгү 33 адамды жана 83 мекемени "кара тизмеге" кошту.

Анын алкагында уюм биринчи жолу санкцияларды буйтап өтүүгө каршы механизмин ишке киргизип, Кыргызстанга станокторду жана радио байланыш жабдыктарын экспорттоого тыюу салды. Еврошаркет буга чейин Орусиядан тышкары башка далай мамлекеттерде жайгашкан компанияларга, банктарга же жеке адамдарга санкция салып келсе, бул ирет уюм Украинадагы согушка байланыштуу биринчи жолу айрым товарларын үчүнчү өлкөгө экспорттоого тыюу салып жатат.

Еврокомиссия үчүнчү өлкөлөрдөгү экспортерлордун Евробиримдиктин санкциялык тизмедеги товарларын Орусияга ре-экспорт кылуу аракетин көз жаздымда калтырбай турганын билдирди.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Бүгүн ЕБ санкцияларды айланып өтүүгө каршы куралын активдештирди, анткени Кыргыз Республикасы Европа Биримдигинен импорттолгон жана Орусияда дрондорду жана ракеталарды өндүрүүдө колдонулган айрым станокторду жана айрым телекоммуникациялык жабдууларды Орусияга сатууну, жеткирүүнү, өткөрүп берүүнү же экспорттоону алдын алуу маселесинде системалуу жана туруктуу түрдө жетишсиз аракет көрүп жатат. Бул жогорку тобокелдиктеги товарлар Орусияга Украинага каршы мыйзамсыз аскердик агрессиясын улантууга жана согуш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары Европа Биримдиги Кыргызстандагы эки банкты - "Керемет Банкты" жана "Борбор Азиянын Капитал банкын", Лаостогу жана Азербайжандагы бирден банкты санкциялык тизмеге кошту.

Ошондой эле уюм Орусия барган сайын криптовалюталарга негизделген соодага басым жасап жатканын белгилеп, A7A5 стейблкойнунун соодасы "орчундуу көлөмдө" жүргөн платформаны башкарат делген кыргыз ишканасын да бутага алганын билдирди.

Кыргыз бийлиги расмий деңгээлде эл аралык эрежелерди сактоого умтуларын жана санкциялык товарлардын реэкспортуна каршы чаралар көрүлүп жатканын билдирип келет.

Анын ичинде президент Садыр Жапаров да буга чейин бир нече ирээт Кыргызстан санкциялык эрежелерди бузбаганын айтып, Батыш өлкөлөрүн кош стандарт үчүн айыптап келди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев февраль айында Би-Би-Сиге курган маегинде Кыргызстан импорттогон товарларын өлкөнүн ичинде өзү колдонуп жатканын айткан.

"Кыргызстан эч качан өзүнүн эл аралык убадаларын өзгөртпөйт. Биз сөзүбүзгө турабыз. Биз эч убакта санкцияларды буйтап өтүүгө уруксат бербейбиз. Бирок буларда "соода-сатыктын статистикасы абдан өсүп кетти" деген кээ бир шектенүүлөр болуп жатат да. Булардын жүйөсү кандай? Эстония менен Кыргызстандын ортосундагы мурунку сооданын көлөмү 1,5 миллион (доллар) экен. Анан биз ал жактан товар сатып алганда 12 миллионго көбөйүптүр. Ошондо эсептеп көрбөйсүзбү. Миң пайыздан өйдө кетип жатат да. Азыркы өсүштү эске алганда 12 миллион деген тамчы да. Мен ошонун баарын түшүндүрүп айтып бердим. Анткени биз азыр экономика өсүп жатканда Батыш мамлекеттеринин технологияларына көз карандыбыз. Биз алар кирсин деп жатабыз. Ошондуктан биз алар менен соода-сатыкты өнүктүрүп, ошо алган технологияларды Кыргызстандын өзүндө колдонуп жатабыз. Биз эч кандай башка жакка реэкспорт кылган жокпуз. Ошондуктан санкция боюнча биздин убадабыз, позициябыз эң катуу. Биз эч убакта санкцияны бузган эмеспиз. Эч убакта бузбайбыз", - деген эле Жээнбек Кулубаев.