Садыр Жапаров баалуу кагаздарды сатып алуунун жаңы жолун жарыялады

садыр жаапров

Сүрөттүн булагы, officcial

Published
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Мамлекет башчы Садыр Жапаров өкмөт калк үчүн он жети пайыздык киреше менен баалуу кагаздарды жайгаштырганын билдирди. Бул тууралуу президент Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, ал кагаздарды ар бир жаран аралыктан (онлайн) тиркеме аркылуу сатып ала алат.

"Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда квартал сайын төлөнүп берилет. Мисалы, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше алат. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат", - деп жазды Жапаров.

Өлкө башчысы мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору турарын кошумчалап, жарандарды бул демилгени колдоого чакырды.