ИИМ, УКМК бир нече жаранды сүйлөшүүгө чакырды
ИИМ, УКМК бир нече жаранды сүйлөшүүгө чакырды
Published
Кыргызстанда жер маселеси боюнча коомдук талкуу күчөгөндөн кийин бул темада пикирин билдирген айрым блогерлер жана активисттер күч органдарына чакырылып, сүйлөшүүгө кирип чыгышканын билдиришти. Алардын айтымында, жолугушууларда коомдук сайттардагы видеолору тууралуу сөз болгон. Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул учурлар боюнча азырынча расмий маалымат бере элек.



