"Башынан эле түшүнүктүү болчу". Шаирбек Ташиев канча сумма төлөп үй камагына чыкты?

Шаирбек Ташиев

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шаирбек Ташиев
Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси, коррупцияга айыпталып камалган экс-депутат Шаирбек Ташиев "мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген" деген негизде үй камагына чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 27-июлда билдирди. Анткен менен ал канча сумма төлөгөндөн кийинки үй камагына чыкканы белгисиз болууда. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиев шектүү катары 1-апрелде кармалган.

Анын адвокаты Би-Би-Сиге бул маалыматты интернеттен окуганын, канча суммадагы акча төлөп бергендигинен кабары жок экенин айтты.

"Мен азыр эс алууда жүрөм. Канча төлөгөнүн билбейм, бирок төлөптүр. Анан үй камагына чыгыптыр, мен да интернеттен окудум", - деди Жыргалбек Бабаев.

Мурдагы ички иштер министри, генерал Өмүрбек Суваналиев Шаирбек Ташиевдин үй камагына чыгышын президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы деп эсептейт.

"Бир жыл мурун президент менен ошол кездеги УКМКнын башчысы Ташиев экөө айткан: "Кыргызстанда мындан ары ким мамлекеттик бюджетке зыян келтирсе, коррупцияга аралашса, алардын бирөө дагы үй камагына же эч жакка чыкпоо тил каты менен чыкпайт, өзүнүн жазасын толугу менен алат. Мындан ары кустуризациядан өткөндөн кийин андай болбойт", - дешкен. Баары башынан эле түшүнүктүү болчу. Шаирбек Ташиевди ИВСтен соттун чечими менен СИЗО-1ге жөнөткөн күндө дагы, башкаларга окшоп чачын алдырбай, ошол жерде кармап турганы эле түшүнүктүү болчу. Бул жөн эле көз боёмочулук. Соттун чечимин аткарбай, СИЗОго жөнөтпөгөнү да келишим болгонунан кабар берген чоң коңгуроо болчу. Бүгүнкү күндө ушундай чоң суммадагы - 4 млрд сомдон ашык зыян келтирилген деп айтылып жаткан кылмыш иши боюнча үй камагына чыгаруу укуктук мамлекеттеги тандалма чечим болуп калды. Башка кишилер бир сын айтканы үчүн СИЗОдо жатышат, эч кандай үй камагы жок эле. А буга ушундай мамиле кылганы - бул саясий иш болуп калды. Камчыбек Ташиев жакында эле чыгып: "Мен өзүмдүн досумду колдойм", - деп айткан. Ошонун баары сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы болушу керек", - деди Өмүрбек Суваналиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев болсо, мындай тажрыйба мурдатан бар экенин айтып, болгону коомчулукка мамлекетке канча суммадагы акча төлөнгөнү ачык айтылышы керек деген пикирде:

"Негизи андай практика бар. Материалдык зыянды төлөсө, СИЗОдон үй камагына чыгарылат, андай практика болгон. Бирок кандай болбосун, баары мыйзам чегинде болушу керек. Мыйзамдуу дегенде, так эле бир сумманы төлөп, чыгарылса болот. Болгону ачык айтылышы керек: мынча сумманы төлөдү же, мисалы, накталай төлөдүбү же мүлк менен төлөдүбү - так айтылышы керек".

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Султан Макилов бул иш боюнча тергөө уланып жатканын билдирди.

"Сумма толугу менен төлөнгөндө айтылат. Кылмыш иши азырынча тергелип жатат", - деди Макилов.

Маалыматка ылайык, "Кыргызнефтегаз" ААК жана "Кыргызгаз Петролеум Компани" ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуунун коррупциялык схемасын уюштурушкан жана мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

"Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучу Т.Ш.К. мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн өз ыктыяры менен төлөп берген. Ушул жагдайга байланыштуу соттун чечими менен ага карата колдонулган бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Ошондой эле кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.

Ташиев тергөө абагына жеткирилген эмес

Төрт айдан бери камакта экени айтылган Шаирбек Ташиев Бишкектеги №21 мекемеде (СИЗО-1) жок экени өткөн жумада белгилүү болуп, коомдо чоң талкуу жараткан. Ал 1-апрелде коррупцияга байланыштуу кылмыш ишинин алкагында кармалган. 2-апрелде Биринчи май райондук соту аны тергөө аяктаганга чейин №21 мекемеде кармоо чечимин чыгарган. Кийин бөгөт чарасы дагы эки жолу узартылып, эки учурда тең аны ошол эле тергөө абагында кармоо тууралуу токтом кабыл алынган.

Бирок ал тергөө абагына такыр киргизилген эмес. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Шаирбек Ташиев тергөө абагына жеткирилбегенин өткөн аптада ырастаган. Ал эми Ички иштер министрлиги ал азыр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалып жатканын, тергөө аяктагандан кийин ал тергөө абагына өткөрүлөрүн билдирген. Эми болсо, ал үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

Чыгым 4,1 миллиард сомдон ашары айтылган

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, мамлекетке келтирилген зыян 4,1 миллиард сомдон ашат. Шаирбек Ташиев коюлган айып боюнча күнөөсүн мойнуна алганы же четке какканы тууралуу ачык маалымат жок. Анын жакындары, анын ичинде агасы, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев бул маселе боюнча азырынча комментарий бере элек.

Cалык кызматы быйыл 16-мартта мунай тармагындагы ири коррупциялык схема ашкереленгени айтылган "Өз кишилер үчүн мунай: "Кыргызнефтегазды" кантип курутушту?" аттуу видеосюжет жарыялаган. Иликтөөдө өлкөнүн стратегиялык ишканасынан 5 жыл ичинде 7 миллиард 615 миллион сомдук чийки зат ортомчу фирмаларга сатылып турганы баяндалат.

Видеодо бул схеманын айынан мамлекет кеминде 3 миллиард 148 миллион сомдук пайдадан куру калганы, жалпы болжолдуу зыян 4 миллиард 175 миллион сомдон ашары көрсөтүлгөн.

16 мүнөттүк иликтөөдө 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик компаниясы өндүрүлгөн мунайдын 30% (262 миң тонна) түз өзүнүн "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна бербестен, Ташиевдерге байланышы бар жеке компанияларга сатканы айтылат. Бул фирмалар чийки затты кайра эле "Кыргызнефтегаздын" "Кыргыз Петролеум Компани" заводуна иштетүүгө берип, даяр продукцияны өздөрүнө алышкан.

Бул учурда "Кыргызнефтегазга" караштуу мунай иштетүүчү "Кыргыз Петролеум Компанини" УКМКнын мурунку төрагасы Камчыбек Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков жетектеп турган.

Өткөн айда Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагасы кызматынан алынгандан көп өтпөй Байгазы Матисаков да жумуштан бошотулган.

17-мартта Таймурас Ташиев айтылган дооматтар боюнча үн катты. Ал 2021-2025-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" дээрлик 358 миң тонна дизелдик отун өндүрсө, өзүнүн "Мока Групп" компаниясы болгону 5 миң 463 тонна дизелдик күйүүчү май сатып алганын, бул көлөм "Кыргыз Петролеум Компани" өндүргөн дизтопливанын 1,53 % гана түзөрүн айткан.

"Бизге байланыштуу туура эмес маалыматтарды таратпооңуздары суранабыз", - деп жазган Таймурас Ташиев.

"Кыргызнефтегаздагы" коррупция боюнча Камчыбек Ташиев да, Таймурас Ташиев да бергени айтылган.

Камчыбек Ташиевдин иши

Биринчи май райондук соту 2-июлда УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган 8 кишини "Бийликти күч менен басып алууга" беренеси боюнча төрт жылдан соттогон. Бирок үч жылдык пробациялык көзөмөлдү колдонуп, эркиндикте калтырган.

Андан көп өтпөй, 16-июлда Ташиев билдирүү жасаган.

"Мен 2027-жылдагы президенттик шайлоого катышпайм. Бул тууралуу буга чейин да бир нече жолу так айткам. Бүгүн дагы ошол Генералдык сөзүмдөн кайтпайм! Менин позициям өзгөргөн жок жана өзгөрбөйт!.Экинчи. 2027-жылдагы президенттик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти, Башкы кол башчы Садыр Нургожоевич Жапаровду толук колдойм, - деген Ташиев.

УКМКнын мурдагы башчысы айыптуу деп табылган "75чилердин каты" боюнча кылмыш иши быйыл февраль айында козголгон. Ага 75 адам кол койгон кайрылуу негиз болгон.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.

Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун досу, саясаттагы тандемдеши катары мамлекетти башкаруу, чечим кабыл алуу ишине түздөн-түз аралашып келген.

Ал кызматтан бошотулгандан бери ага жакын делген депутаттар мандаттарын тапшырып, министрликтердин жетекчилери кызматынан чегинип же иштен алынды.