Темирлан Султанбеков тергөөгө каршы экинчи ирет сотко даттанды

Камактагы саясатчы, "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тергөө жүрбөй жатканына даттанууда. 8-июнда Биринчи май райондук сотуна жеткирилген саясатчы бийликтин бул аракетин басым катары сыпаттады.
"Ооба, мунун баары басым-кысым. Диктатура", - деди Темирлан Султанбеков.
Темирлан Султанбековдун карындашы Каныкей Султанбекованын айтымында, жети айга чукул убакыттан бери тергөө жүрбөй жатат. Темирлан тергөөнүн аракетсиздиги үчүн сотко экинчи жолу арызданууда:
"Кечээ сотко Темирландын даттануусу менен келгенбиз. Сурак жок, эч нерсе жок. Жети айга чукулдап кетти, эч нерсе болгон жок. Бир жолу эле экспертиза жүргүзүштү. Сурак, беттешүү болгон жок. Эки ай мурун даттанган. Судья жарым-жартылай канааттандырган. Тергөө соттун чечимин аткарган жок. Ошондуктан кайра сотко берип чыктык".
Темирлан Султанбеков жана мурдагы президенттин уулу Кадыр Атамбаев баштаган ондой адам 2025-жылы 22-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдында кармалган. Милиция аларды жапырт башаламандыкка айыптаган.
"Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин өлкөнүн түштүгүнөн баштап Бишкекке жана облустарга чейин жапырт нааразылык көрүнүшүн жаратып, өлкө аймагында митингдерди пландашкан. Алардын планында Конституцияга каршы чакырыктар жана ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарак жана абак жайларын ээлеп алуу ыктымалдыгы болгон", - деп айтылган ИИМдин маалыматында.
ИИМ жапырт кармалган адамдардын үйлөрүн тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган.
Кийинчерээк 150 миң доллар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдуку экени ачыкка чыккан. Саясатчы бул акча үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Адахан Мадумаров бул иште күбө катары сурак берген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Темирлан Султанбеков 8-июнда сөз сүйлөп, үйүнөн эч кандай акча, курал табылбаганын билдирип, тинтүү учурунда түзүлгөн протоколдун көчүрмөсүн талап кылып жатат.
"Бул протоколдор бар. Биз алар менен таанышканбыз. Ал жерде баары туура, адилеттүү жазылган. Менин жана менин тарапташтарымдын үйүнөн болгону компьютер, кагаздар алынган. Бирок ИИМ жалпыга маалымдоо каражаттарына видеоматериалдарды таратып, ал жерде ири көлөмдөгү акча каражаты көрсөтүлүп, аны чет мамлекеттер бергени айтылган. Кандайдыр бир курал-жарактардын, пистолет, автоматтардын, ок-дарылардын сүрөттөрүн жарыялашкан. Андан соң биздин сүрөттөрдү жайгаштырып, булардын биздин ишке тиешеси бар экени белгиленген. Билесиңер да, башында Атазов жана башкалардын ишин биздики менен бириктирип, кийин кайра экиге бөлүп коюшту. Ошентип, курал-жарак, акча табылган кишилердин ишинин биздин ишке такыр тиешеси жок. Тилекке каршы, соттун чечими аткарылбай жатат. Бизден эч кандай пистолет, автомат, патрон жана акча табышпаганын элге далилдөө үчүн тергөө документтеринин көчүрмөсүн ала албай жатабыз. Ал эми акча, автомат, пистолет табылгандардын иши өзүнчө өндүрүшкө алынып, үй камагына чыгарып коюшту", - деди сотто Темирлан Султанбеков.
Ушул тапта Кадырбек Атамбаев, Темирлан Султанбеков, Эрмек Эрматов, Дамир Мусакев камакта.
Калгандары, анын ичинде, мурдагы депутат Кубанычбек Кадыров, Урмат Барктабасов, Шайлообек Атазов үй камагына чыккан.
Темирлан Султанбеков бийликти күч менен басып алууга айыпталууда.































