АКШдагы бороон-чапкындан кеминде 10 киши жараат алды
АКШдагы бороон-чапкындан кеминде 10 киши жараат алды
АКШнын Оклахома штатынын айрым аймактарын күчтүү торнадо каптады. Бороон-чапкын турак-жайларга олуттуу зыян алып келди. Жергиликтүү медиа кеминде 10 киши жараат алганын жазды. Айрым шаарларда өзгөчө кырдаал жарыяланган.



