"Уулумду учуруп ийдим". Ысык-Көлдө сел агызган бала үйдүн кичүүсү болгон

- Author, Мээрим Догдурбекова
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
- Published
- Окуу убактысы: 3 мүнөт
Ысык-Көлдө сел агызып жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү эки күн, эки түн дегенде табылды. 15 жаштагы Аслан Григорьевка айылында сегизинчи классты гана бүтүп жаткан. Анын сөөгү бүгүн, 9-июнда Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жерге берилди.
5-июнь күнү 20:00 чамасында токтобой жааган жамгырдын кесепетинен тоонун боорунан ылай аралашкан агым түшүп, Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 92-чакырымында "Мерседес Спринтер" жана "Форд Мондео" унааларын агызып кеткен. "Форд Мондео" женил унаасынан секирип түшкөн эки баланы ылай басып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түнкү саат 23:35те 2008-жылы туулган У.Т. аттуу жарандын жансыз денеси табылганын айткан. Ылай астында калган экинчи өспүрүмдү издөө иштери толук 2 суткага уланып, үчүнчү түнү саат үчтөрдө табылганы кабарланды. Ал 15 жаштагы Григорьевкалык Аслан болгон.
"Окуя катталган күндөн тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жергиликтүү бийлик органдарынын жана Жарандык коргоо кызматынын кызматкерлери менен бирге издөө иштерин жүргүздүк. Күн-түнү тынымсыз иш алып бардык. Сегизинчи июнь күнү түнкү саат үч чамасында баланын денеси табылып, ата-энесине өткөрүп бердик", - деди ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысынын орун басары Чолпонбек Темирбеков.

Облус башчысы Бакыт Жетигенов издөө иштерине жеке өзү катышып жүрдү. Ал эки адамдын өмүрүн алган бул кырсыктын себептери учурда иликтенип жатканын айтты.
"Бул кырсык да, айтпай келет. Бул жердин өзгөчөлүгү башка да. Тоодон ылдый агып түшкөн сел болгон жок. Бул бир жеке ишкер жер иштепип, сугарып жүргөн жери жумшарып кеткенби, ар кандай себептери болот экен. Азыр бул боюнча адистер тактап, иликтеп жатышат. Бирок тоодон түшкөн жок. Бир км эле өйдө жактагы жер эзилип келип эле көчүп кетти", - деди Ысык-Көл облусунун жетекчиси Бакыт Жетигенов.
Жетигенов кырсыктан каза болгон жарандардын жакындарына материалдык жардам көорсөтүлгөнүн кошумчалады. Ошондой эле ылай көчкүнүн кесепеттерин жоюу иштери уланары айтылды.

Ылай астында калып, жан берген эки баланын биринин сөөгүн жакындары Ак-Суу районуна алып кетишкен. Ал эми экинчи өспүрүмдүн жаназасы Григорьевка айылында өттү.
Маркумдун атасы кенже уулунан ажырап, кан жутуп турса да, уулунун денесин табууга көмөк көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип жатты.

"Кичинекей баламды колуман учуруп ийдим. Мындай кыйынчылыкты эч кимге бербесин. Ушундай алааматта баламды табууга аракет кылып, чоң жардам бергендерге чын дилимден ыраазычылык билдирем. Мен силерге, айылыма, Григорьевка айылынын тургундарына, өкмөткө, ӨКМге миң мертебе ыраазымын"
Маркумга көз көрсөтүп келгендер анын жаш болсо да акылы тунук, шайдоот жигит болгонун эскерип отурушту.

"Ата-энеге баладан сыноо бербесин. Баарыбызда бала бар. Баарыбыз бала деп жашайбыз. Ушул баладан чоңду үмүт кылат элек. Кудай ушундай жазып койду эми, калган бир туугандары аман болсун, бир тууганыбызга, абысыныбызга сабыр тилеп эле отуруп калдык. Энеси байкуш тирүү болуп калабы деп акырын чейин күттү. Бир көз ирмеген жок. Бир жери сынса, эмне болсо да, тирүү келсе деп кудайдан күн-түнү сурап жатты", - деди маркумдун чоң апасы, жеңеси Бурулкан Абдырахманова.
ӨКМ 2026-жылдын 9-июнунан 12-июнуна чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет.































